Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 6-сентябры № 457
Адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаратуучу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү талаптарды бузууларды четтетүү, ошондой эле “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомунун экономикалык ишин улантуу максатында, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-1-статьясына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-майындагы № 7 “Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Убактылуу сырткы башкаруучуну дайындоонун тартибинин 3-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17, 18-беренелерине ылайык:
2024-жылдын 29-августунан тартып 29-ноябрына чейинки мезгилге Кутманов Эрмек Осмонович “Кум-Шагыл” жабык акционердик коомунун убактылуу сырткы башкаруучусу болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |