Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХVI сессиясы
2024– жылдын 27-январы № 7
Шарк айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023 жылдагы аткарган иштерин, 2024 жылга карата бюджет долбоорун бекитүү жөнүндө
Шарк айыл өкмөтунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023 жылдагы аткарган иштерин жана 2024жылга карата жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджет долбоорун талкуулап Шарк айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айыл өкмөтунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023 жылдагы аткарган иштерин кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен кабыл алынсын;
2. Шарк айыл өкмөтунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024 жылга карата бюджет долбоорун киреше бөлүгүн 380 000сом жана чыгашалары 380000сом өлчөмүндө бекитилсин;
3. Жайыт төлөмүн өлчөмү төмөнгүдөй белгиленсин:
- Бир шарттуу мал башына (ШМБ) айына 50сом;
- Торпок-кулундарга айына 35сом;
- Кой-эчки, козу-улактарга айына 10сом;
4. Ушул токтомдун аткарылышы Шарк айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н.Солтоновго жүктөлсүн;
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шарк айылдык Кеңешинин төрагасы |
| С.Абзалов |