Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 3-сентябры № 524-т
Өлкөнүн ирригация фондун өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 "Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 1 -пунктунун 1-пунктчасынын алтынчы абзацын жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы үчүн Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү № 4 "В" дарегинде жайгашкан кеңсе жайларын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-июнундагы № 423 "Объекттерди курууда заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативдерин бекитүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунда каралган каражаттардын эсебинен реконструкциялоо иштерин аткарууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын Суу чарба объекттерин куруу дирекциясы ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн иштер үчүн бөлүнгөн финансы каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А. У. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 34-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ