Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 28-августу № 512-т
2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына Нарын жана Жалал-Абад облустарынын аймагында "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун жана жол жээгиндеги инфраструктураны куруу үчүн зарыл болгон жер участокторун белгиленген тартипте бөлүп берсин, жер участогун пайдалануу укугун каттоону/кайра каттоону жүргүзсүн;
- зарыл болгон учурда жер-кадастр жана архитектуралык документтерге өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөтсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы зарыл болгон учурда Нарын жана Жалал-Абад облустарынын аймагында аныкталган тарыхый маданий мурас объекттерин археологиялык казууну жана документтештирүүнү камсыз кылсын, ошондой эле "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулуш зонасында жайгашкан археологиялык эстеликтердин коргоо зонасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштерди уюштурсун.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |