Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-августу № 517
Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантурасын уюштуруу жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантурасын жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгарууну жөнгө салуу максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесин, «Илим жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантурасын уюштуруу жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-декабрындагы № 601 «Философия докторун (PhD)/тармак боюнча докторду даярдоо маселелерин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
|
А.У. Жапаров |