Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 28-августу № 513-т
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 "Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө" токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобого, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик "Кыргыз-Кытай университети" мекемесине "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" илимий-изилдөө университетинин алдындагы Мусакожоев Шайлобек атындагы Инновациялык экономика илимий-изилдөө институту" мекемесинин балансында турган, Бишкек шаары, Манас проспекти, 22а дарегинде жайгашкан (идентификациялык коду: 1-01-130013-0637-01), жалпы аянты 986,6 м2 кыймылсыз мүлктүн төртүнчү жана бешинчи кабаттарын (коммуналдык төлөмдөрдү жана ушул имаратты (жайды) тейлөө боюнча эксплуатациялык чыгымдарды кошпогондо) келишим түзүү шарты менен 5 жылдык мөөнөткө акысыз убактылуу пайдаланууга берсин.
2. "Кыргыз-Кытай университети" мекемесине белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
1) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктүн төртүнчү жана бешинчи кабаттарын келишим түзүү шарты менен 5 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга кабыл алуу;
2) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн кыймылсыз мүлктүн төртүнчү жана бешинчи кабаттарын билим берүү максатында гана пайдалануу;
3) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу пайдаланууга берилүүчү кыймылсыз мүлктүн төртүнчү жана бешинчи кабаттарын күтүүнү жана андан ары тейлөөнү өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүү.
3. "Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети" илимий-изилдөө университетинин алдындагы Мусакожоев Шайлобек атындагы Инновациялык экономика илимий-изилдөө институту" мекемесине ушул тескемеден келип чыгуучу тиешелүү чараларды керүү сунушталсын.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |