КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2023-жылдын 29-марты № 103
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында жазга карата жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, айылдарда сугат арыктарын тазалоо жана жазгы айдап себүү иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер айдап себүү иштериндеги бааларды, бадачылар менен жүргүзүлүп жаткан иштер бада акыларын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин маалыматтын угуп жана талкуулап.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевтин маалыматы алымча кошумчалар менен жактырылсын.
2. Айыл аймагында жайгашкан мекеме, мектептер, жеке ишкерлер менен көрктөндүрүү боюнча иш план иштеп көчөттөрдүн саны жана түрү боюнча аныктап 15-апрелге чейин кеңешке кат жүзүндө маалымат берүү жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке тапшырылсын.
3. Айылдарда сугат арыктарын тазалоону уюштуруп, аткарууну колго алуу айыл башчылар А.Б. Жээнбаевке жана Н.Р. Каримовко тапшырылсын жана аткарылган иштердин көлөмүн көрсөтүү менен маалыматты 20-апрелге чейин айылдык кеңешке билдирүү жагы милдеттендирилсин.
4. Жазгы айдап себүү иш чараларын аткаруу үчүн айыл айылдарда болгон элдик жыйналыштардын негизинде төмөндөгүдөй баалар бекитилисин.
Айдоого ( 1 га) – 5000 сом.
Малага (1 га) – 1500 сом
Чым жерди айдоого – 6000 сом
Чым жерди малалоого -2000 сом
Үрөн себүүгө (1 га) – 1800 сом.
Чөп престөө (бир пресс) – 20 сом.
Чөп чабуу (1 га) – 3000 сом.
Чөп чогултуу (1 га ) – 1500 сом
Комбайн акысы – 4000 сом
Чөп ташуу – аралыгына жараша – 500 дөн 1500 сом
Короо ичин айдоого ( 1 га) үчүн – 7000 сом белгиленсин.
5. Бадачылардын бада баккан акысы төмөндөгү суммада бекитилсин:
Кара мал - 500 сом.
Жандык мал - 100 сом
6. Бадачылар менен айыл өкмөтү жана жайыт комитетинин ортосунда үч тараптуу келишим түзүлүп, ар кимдин жоопкерчилиги белгиленсин.
7. Элдик жыйындын негизинде мал 1-майдан баштап көчүп кетүү жана 1- октябрдан көчүп келүү жагы белгиленсин. Жайыттан эрте түшүп келген мал атайын мал камактарга камалсын.
Камоого түшкөн малдын ээлери келбей же ээси чыкпай мал өлүмгө дуушар болсо айыл башчылар жана кароолчу элдик жыйындын чыгарган токтомуна ылайык жоопкерчилик тартпасын. Мал айдоо жерлерин тепсеп зыян келтирсе Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 238-беренесинин негизинде айып пулу салынсын.
8. Бекитилген бааларды көзөмөлдөп ишке ашыруу максатында айыл өкмөтү тарабынан туруктуу комиссия курамы иштелип чыксын жана иш чаралары бекитилсин.
9. Жайлоодон эрте түшүп келген малдарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 251 – беренесине ылайык айып пулу салынып аткарууга алынсын.
10. Айыл башчылары күзгү кочкор жана текелер келген убакытка карап жакынкы жайыттардан жайыт караштыруу менен бада уюштуруу жагын колго алышсын.
11. Бааларды көзөмөлдөп токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке милдеттендирилсин.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.А. Табалдиевке жүктөлсүн.
13. Бул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага милдеттендирилсин.
14. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
15. Токтом мамлекеттик тилде гана кабылалынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.С. Ысырайылов. |