КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
2023-жылдын 29-марты № 104
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында Суу пайдалануучулар ассоциациясынын (СПА) жетекчисин жана 2023-жылга бекитилген иш чараларын, 2023—жылга суу пайдалануучулардын бир гектар жерге жана көчө ичине суу үчүн бааларын бекитүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл башчысы К.Ч. Тууганбвевтин Суу пайдалануучулар ассоциясынын жетекчисин дайындоо жана суу бааларын бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөт башчысынын Суу пайдалануучулар ассоциациясы боюнча берген маалыматы канаттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке 10-апрелге чейин СПАнын жетекчисин мыйзам чегинде жумушка алуу жагы тапшырылсын.
3. Суу пайдалануучулар үчүн үлүш жерге бир гектарына 200 сом бир гана жолу төгүү ал эмикөчө жерине ар суу алган сайын 100 сомдон төгүү жагы белгиленсин.
4. Айыл өкмөт башчысына СПАнын жетекчиси менен биргеликте жарандардан акча каражаттын чогултуу боюнча жобо иштеп чыгуу жагы милдеттендирилсин.
5. Айыл өкмөт башчысы, СПАнын жетекчилиги айыл башчылары менен биргеликте мураптардын иштөөсүн, суу бөлүштүрүшүн контролдоп колго алуусу милдеттендирилсин.
6. Айыл өкмөт башчысына жана СПАнын жетекчилигине айыл аймагындагы үлүш жерлердин көчө ичиндеги сугат аянттарын тактоо менен канча каражат чогултулат тургандыгын эсептеп СПАнын уставында көрсөтүлгөн критерийлерге карап мураптарга жана СПАнын башкаруу аппаратына айлык акысын чечипиш жүргүзүү жагы у милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөт башчысы К.Ч. Тууганбаевке жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б.А. Табалдиевке жүктөлсүн.
9. Бул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б. Суранбаевага милдеттендирилсин.
10. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабылалынды.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.С. Ысырайылов. |