Редакцияот 29.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы

 

 

2023-жылдын 29-марты № 108

 

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Камыш-Башы, Ак-Жар, Шайык айылдарынын элдик чогулушунда айыл башчы шайлап берүү сунушу жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Камыш–Башы, Ак-Жар, Шайык айылдарынын жашоочуларынын сунушун карап талкуулап.

Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Камыш–Башы, Ак-Жар, Шайык айылдарынын элдик жыйынында сунушталган айыл башчы шайлоо боюнча сунушу жактырылсын.

2. Камыш-Башы, Ак-Жар, Шайык айылдарынын жашоочуларынын сунушун эске алып, айыл башчы шайлоо боюнча элдик жыйналыштар өткөрүлүп, элдик жыйналыштын токтомунун негизинде айыл башчы шайлоо жүргүзүлсүн.

3. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн бухгалтериясынан жаңы шайланган айыл башчыга эмгек акысын төлөө боюнча тарификация иштеп чыгуу жагы тапшырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы К.Ч.Тууганбаевке милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Б.Суранбаевага жүктөлсүн.

6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабылалынды.

 

 

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык

кеңешинин төрагасы:

Ж.С. Ысырайылов.