Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 54
Токтогул районунун,Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынын байкоочу кеӊешине Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн өкүлү Кубатуулу Эрмектин 2022-жылга маалыматы 2023-жылга аткарыла турган иш-планын кароо жөнүндө
Токтогул районунун,Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынын байкоочу кеӊешине Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн өкүлү Кубатуулу Эрмектин 2022-жылга маалыматы 2023-жылга аткарыла турган иш-планын угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул районунун,Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынын байкоочу кеӊешине Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн өкүлү Кубатуулу Эрмектин 2022-жылда аткарган иштеринин маалыматы эске алынсын, 2023-жылга аткарыла турган иш-планы жактырылсын.
2. Токтогул районунун,Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсеп дирекциясынан 2022-жылга бөлүнгөн каражаттын калдыгын, 2023-жылдын каражатына кошуп бөлдүрүү 2023- жылга А.Ибраимов атындагы орто мектебинин кичи футбол аянтчасын куруу, Ж.Чаргынов атындагы орто мектебинин ашканасынын курулуш иштерин толук бүтүрүү, алыштарга щиттерди коюууга , С.Чекиров атындагы орто мектептин ашканасына контейнер алууга, электр мамычаларын, чубалгыларды алууга сунуш берилсин. Курулган курулуштардын сапатын көзөмөлгө алуу үчүн комиссия курамын түзүп, көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Акматжан уулу Жеңишбекке тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | М.Б. Суранбаева |