Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясы
2024-жылдын 29-июлу № 85
Дара айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылына “Кулпунай өстүрүүгө жер астынан суу сууларды чыгаруу үчүн столба, сым чубалгыларын жана трансформатор орнотуу” жөнүндө.
Дара айыл өкмөтүнүн Жаны-Жер айылындагы өкмөтүн карамагындагы фондун жерине “Кулпунай өстүрүүгө жер астынан сууларды чыгаруу үчүн столба, сым чубалгылары жана трансформатор орнотууга” жалпы сметалык баасы 980951 (тогуз жүз сексен мин
тогуз жүз элүү бир мин) сомду түздү айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары 238098 (эки жүз отуз сегиз миң токсон сегиз) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Д.Анапияевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Баткен райондук өнүктүрүү фондуна 742853 сомдук каржылоону сунуштап, киргизилсин. “Кулпунай өстүрүүгө жер астынан сууларды чыгаруу үчүн столба, сым чубалгылары жана трансформатор орнотуугаайыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджентинен 238098 (эки жүз отуз сегиз миң токсон сегиз) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү каражаттар менен камсыздоо жага ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага тапшырылсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы каржы жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевке тапшырылсын.
Айылдык кеңешинин тѳрайымы: |
Р.Сайкалова |