Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 56
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы мектептерди, бала бакча, оорукананын кышка карата даярдыгын кароо жөнүндө
КызылКызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊештин Билим беруу, маданият, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы мектептерди, бала бакча, оорукананын кышка карата даярдыгы боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Тийиштүү маселелер боюнча мекеме жетекчилери сессияга катышуусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевге милдеттендирилсин.
3. 2020-жылы К.Чодошев атындагы орто мектебинин жылытуу системасын жаӊылоо боюнча Өнүктүрүү фондуна даярдалып тапшырылган долбоор боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеӊешинин социалдык маселелер, саламатыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | М.Б. Суранбаева |