Редакцияот 21.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Бешкент айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 15- сессиясы

2023-жылдын 21-декабры № 87

     Бешкент айыл аймагына караштуу “ СССР дин 50-жылдыгы” айылынын жана Андархам (Карл Маркс) айылдарынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколдук  чечиминин негизинде аталган айылдын   аталышын өзгөртүү  жөнүндө

 

      Бешкент айыл аймагындагы “ СССР дин 50-жылдыгы” айылыны “Ынтымак” айылы деген наамды ыйгаруу жөнүндөгү жана Андархам (Карл Маркс) айылыны “Биримдик” айылы деген наамды ыйгару жөнүндөгү  айыл тургундарынын 2023-жылдын 8-ноябрындагы жана 15-декабрындагы  жалпы чогулушунун  протоколунун негизинде Бешкент айылдык кеңеши

 

                                                      Т О К Т О М     К Ы Л А Т:

1. Бешкент айыл аймагындагы “ СССР дин 50-жылдыгы” айылыны “Ынтымак” айылы  деген наамды ыйгаруу жөнүндөгү жана Андархам (Карл Маркс) айылыны “Биримдик” айылы деген наамды ыйгару жөнүндөгү  айыл тургундарынын 2023-жылдын 8-ноябрындагы жана 15-декабрындагы  жалпы чогулушунун  протоколдору көңүлгө алынсын.

2. Бешкент айыл аймагындагы“ СССР дин 50-жылдыгы” айылына “Ынтымак”  айылы деген наам ыйгарылсын.

3. Бешкент айыл аймагындагы  Андархам (Карл Маркс) айылына “Биримдик” айылы деген наам  ыйгарылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бешкент айылдык кеңешинин мамлекет-тик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча турукуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

О. Баховотдинов