Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 57
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2-апрель 2010-жылдагы №206 токтому жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кыргыз элинин Улуу Биринчи Элдик Курултайынын делегаты Э.Бакиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2-апрель 2010-жылдагы №206 токтомунун негизинде электр энергиясы үчүн төлөнүүчү компенсацияны үзгүлтүксүз системалуу түрдө ар жыл сайын төлөтүп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин төрагасы Ж.Ысырайыловго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | М.Б. Суранбаева |