Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Дара айылдык Кенешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз ХХVIII сессиясы
2024-жылдын 29-июлу № 89
Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылынын Ак-Мойнок участкасында жайгашкан жер аянтына суу түтүкчөлөрүн тартуу максатында 0,85га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылынын Ак-Мойнок участкасындагы 0,85га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Дыйкановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы токтом кылат:
1. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылынын Ак-Мойнок участкасындагы №518, №494-контурунда жайгашкан 0,85 га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Дара айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылынын Ак-Мойнок участкасындагы №518,№494-контурунда жайгашкан 0,85 га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин тѳрайымы: |
Р.Сайкалова |