Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 58
Токтогул районунун аймагына курула турган Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин дирекциясын Токтогул районунун аймагына жайгаштыруу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Кыргыз элинин Улуу Биринчи Элдик Курултайынын делегаты Э.Бакиевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул районунун аймагына курула турган Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин дирекциясын Токтогул районунун аймагына жайгаштырууну чечип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеӊештин төрагасы Ж.Ысырайыловго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | М.Б. Суранбаева |