Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 60
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн имаратынын эшик, терезелерин алмаштыруу үчүн өздүк салым үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин 19.12.2022-жылдагы № 1010 сунушунун негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин 19.12.2022-жылдагы № 1010 сунушу эске алынсын.
2. Дем берүүчү гранттардын эсебинен Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн имаратынын эшик, терезелерин алмаштыруу үчүн даярдалган долбоордун өздүк салымына айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 444456 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Акматжан уулу Жеңишбекке жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевге тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | М.Б. Суранбаева |