Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 61
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында КРнын салык кодексине ылайык мүлк салыгын киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу салык кызматынын Токтогул району боюнча башкармалыгынын № 01-04/9521-декабрь 2022-жылдагы катынын негизинде
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында К.Р.салык кодексинин 151 – статьясынын 1-пунктуна ылайык Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жергилииктүү бюджетине 2023-жылга мүлк салыктарын алуу жагы киргизилсин.
2. Токтомду ишке ашырып көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Акматжан уулу Женишбекке тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | М.Б. Суранбаева |