Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 62
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Жетиген,Ак-Жар,Өзгөрүш, жолдорун муниципалдык жолдор категориясынан “жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору” категориясына өткөрүп берүү жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы күн тартибиндеги үчүнчү маселе болгон Жетиген, Ак-Жар, Өзгөрүш, авто жолдорун “Муниципалдык жолдор категориясынан” “Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдор категориясына өткөрүү боюнча “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Автомобиль жолдор жөнүндө ”Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып Курулуш, Архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ысырайылов Жумабектин билдирүүсүн карап , талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында Өзгөрүш –Ак-Жар- Жетиген жалпы узундугу 10 км болгон авто жолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында Өзгөрүш – Ак-Жар- Жетиген жалпы узундугу 10 км болгон авто жолун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин балансына өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Жолдор министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курулуш, Архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ысырайылов Жумабекке милдеттендирилсин.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | М.Б. Суранбаева |