Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 517 токтомуна) |
Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантурасын уюштуруу жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо илимий, илимий-техникалык уюмдардын жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын (мындан ары - билим берүү уюмдары) жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантура программасын жана философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгарууну ишке ашыруу боюнча иш тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) PhD диссертациясы - жаңы илимий натыйжаларды камтыган жана автордун илимге болгон жеке салымы жөнүндө күбөлөндүргөн, өз алдынча илимий изилдөөнү билдирген квалификациялык иш;
2) PhD/тармак боюнча докторантура - билим берүү ишин жана илимий изилдөөлөрдү интеграциялоону камсыздоочу, PhD диссертациясын ачык коргоонун натыйжасы боюнча философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу менен жогорку квалификациялуу адисти даярдоочу жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик илимий-билим берүү программасы;
3) калыстар тобу - PhD диссертациясын экспертизадан, алдын ала коргоону жана ачык коргоону өткөрүү үчүн билим берүү уюмдары тарабынан түзүлгөн эксперттик топ;
4) илимий жетекчи - докторанттардын илимий изилдөөлөрүн илимий жетектөө, жыйынтыктарын контролдоо жана аттестациялоо үчүн дайындалган илимий адис же илимий адистердин тобу;
5) PhD/тармак боюнча докторантуранын окуу планы - окутуу максаттарына жана натыйжаларына жетүүгө багытталган окуу дисциплиналарынын, практикалардын жана/же стажировкалардын, илимий-изилдөө ишинин түзүмдөштүрүлгөн жыйындысы.
3. Өзгөчө статуска ээ болгон жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын кошпогондо, билим берүү уюмдары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан лицензиянын негизинде иш жүргүзөт.
4. Билим берүү программасы аккредитациялоодон өткөн билим берүү уюмдары философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документти берүүгө укуктуу.
2-глава. PhD/тармак боюнча докторантурага кабыл алуу тартиби
5. PhD/тармак боюнча докторантурага ушул Жобого жана Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык "магистр" же "адис" квалификациясы менен жогорку кесиптик билими бар адамдар тапшырууга укуктуу. Медициналык багыт боюнча PhD/тармак боюнча докторантурага ординатураны аяктаган адамдар тапшырууга укуктуу.
6. PhD/тармак боюнча докторантурага тапшыруу үчүн берилүүчү документтер:
1) билим берүү уюмунун жетекчисинин атына арыз;
2) жогорку кесиптик билими жөнүндө дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
3) чет өлкөлүк окуу жайлардан берилген билими жөнүндө документтердин деңгээлин жана мазмунун ырастоо тууралуу Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын маалымкаты.
Паспорт же аскердик билет (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн) арыз тапшырууда жекече көрсөтүлөт.
7. PhD/тармак боюнча докторантурага тапшыруу конкурсу тандалган билим берүү багыты жана англис тили боюнча кирүү сынактарынын жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлөт.
8. PhD/тармак боюнча докторантурага кабыл алуу жыл сайын 20-июндан тартып 10-октябрга чейин өткөрүлөт.
9. PhD/тармак боюнча докторантурага кабыл алууну уюштуруу үчүн билим берүү уюмунун буйругу менен жетекчинин төрагалыгы алдында билим берүү программасынын багыты боюнча жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык жана илимий кадрлардын ичинен кабыл алуу комиссиясы түзүлөт.
Кабыл алуу комиссиясынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бир жылды түзөт.
10. Багыт боюнча кирүү сынактарына кабыл алуу курамына (PhD)/тармак боюнча доктор, илимдин кандидаты, илимдин доктору окумуштуулук даражасы же бул кесиптик тармакта профессор наамы бар адистер кирген, билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен түзүлгөн экзамендик комиссиялар тарабынан жүргүзүлөт.
Чет тили, чыгармачылык багыттар жана маалыматтык технологиялар боюнча экзамендик комиссиялар окумуштуулук даражасы жана илимий наамы жок квалификациялуу окутуучулардан түзүлүшү мүмкүн.
Кирүү сынактарын кайрадан тапшырууга жол берилбейт.
Кирүү сынактарын өткөрүү тартиби, кабыл алуу жана экзамендик комиссиянын иш тартиби билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
11. PhD/тармак боюнча докторантурага кабыл алуу билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен таризделет.
3-глава. PhD/тармак боюнча докторантурада окутууну уюштуруу тартиби
12. PhD/тармак боюнча докторантуранын окуу планы билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
PhD докторанттарын окутуу процессинде жекече окуу планына жол берилет. Жекече окуу планы PhD докторантынын өзгөчөлүктөрүн жана билим берүү муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыгат. PhD диссертациясынын үстүндө иштөө графиги докторанттын жекече окуу планында көрсөтүлөт.
13. PhD/тармак боюнча докторантурада окуу 3 жылдан кем эмес мөөнөттү түзөт.
Жекече окуу планы боюнча PhD докторантын окутууда билим берүү уюму окуу мөөнөтүн 2 жылдан ашык эмес мөөнөткө (өзгөчө учурларда 3 жылга) узартууга укуктуу.
14. PhD/тармак боюнча докторантурада окуу күндүзгү формада жүргүзүлөт. Аралыктан билим берүү технологияларын колдонууга жол берилет.
15. Программанын сыйымдуулугу программанын өзгөчөлүктөрүнө жараша 180ден 240ка чейинки кредитти түзөт, анын ичинде 45тен ашпаган кредит окуу дисциплиналарын үйрөнүүгө жумшалат. Илимий-изилдөө ишинин сыйымдуулугу практикаларды жана/же стажировкаларды, ошондой эле аттестациялардын бардык түрлөрүн, анын ичинде PhD диссертациясын ачык коргоону кошкондо, 135тен кем эмес кредитти түзөт.
16. PhD докторанты окуу учурунда диссертациялык изилдөөнүн илимий жыйынтыктарын чагылдырган экиден кем эмес илимий макаланы Scopus жана Web of Science эл аралык системаларында индекстелүүчү мезгилдүү илимий басылмаларга жарыялоого милдеттүү.
17. PhD докторанты окуу учурунда эки жумадан кем эмес мөөнөткө чет өлкөлүк илимий-изилдөө стажировкасынан жана/же практикадан өтүүгө тийиш.
18. Билим берүү уюму PhD докторантын окумуштуулук даражасы бар эки илимий жетекчинин илимий жетекчилиги менен камсыздайт, алардын бири чет өлкөлүк уюмдан болууга тийиш.
Илимий жетекчилик аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Илимий жетекчинин кесиптик компетенттүүлүгү Scopus жана/же Web of Science базаларында индекстелүүчү чет өлкөлүк жана ата мекендик илимий басылмаларда жарыяланган минимум эки илимий публикация менен ырасталат.
Чет өлкөлүк окуу жайдын диплому бар илимий жетекчи үчүн илимий даражаны ыйгаруу жөнүндө дипломду нострификациялоо жол-жобосунан өткөрүү талап кылынбайт.
19. Тармагы боюнча илимий жетекчи (жетекчилер) жок учурда бир илимий жетекчи - чет өлкөлүк илимий жана/же окуу жайында иш стажына ээ, тиешелүү тармактагы адис илимий жетекчиликти жүргүзүшү мүмкүн.
20. PhD докторанттары билим берүү уюмунун илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлери менен бирдей жабдууларды, лабораторияларды, кабинеттерди, китепканаларды, командировкага чыгуу укугун, экспедицияларга катышуу укугун ж.б. пайдалана алат.
21. PhD докторантынын илимий-изилдөө иши жылына бир жолу жекече окуу планына ылайык илимий жетекчилер тарабынан аттестацияланат.
22. PhD диссертациясы төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) фундаменталдык жана/же прикладдык илимий планда актуалдуу проблематикага шайкеш келүүгө;
2) PhD диссертациясы корголгон тармакка шайкеш келүүгө;
3) илимдин, техниканын жана өндүрүштүн алдыңкы теориялык, методикалык жана технологиялык жетишкендиктерине негизделүүгө;
4) илимий жаңылыкты камтууга жана изилденген тармактагы изилдөөнүн жана билимдин алдыңкы илимий методдоруна таянууга;
5) конкреттүү илимий тыянактарды жана практикалык сунуштамаларды, теориялык жана/же прикладдык тапшырмаларды чечүүнү камтууга.
23. PhD диссертациясынын темасы Кыргыз Республикасынын илимин өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына ылайык түзүлөт.
PhD диссертациясынын темасы билим берүү уюму тарабынан белгиленген тартипте окумуштуулар кеңеши же илимий-техникалык кеңеш тарабынан бекитилет.
24. PhD диссертациясы PhD/тармак боюнча докторантурада окуу мөөнөтү аяктаганга чейин үч айдан кечиктирилбестен билим берүү уюмунун PhD/тармак боюнча докторантура түзүмдүк бөлүмүнө берилет.
25. PhD диссертациясы эл аралык маалыматтар базалары боюнча антиплагиат системасында көчүрүп алуулардын болгондугун текшерүүдөн өтөт.
PhD диссертациясынын текстинин оригиналдуулугу төмөнкүдөй түзүлөт:
1) коомдук жана гуманитардык илимдер - 75%дан кем эмес;
2) табигый-илимий, техникалык, физика-математикалык илимдер - 85%дан кем эмес;
3) медициналык, агрардык жана биологиялык илимдер - 88%дан кем эмес.
Цитата келтирүү жана өзүн-өзү цитаталоо тексттин оригиналдуулугунун көлөмүнө кирет.
PhD докторантынын илимий-изилдөө ишин аттестациялоо жол-жобосу, PhD диссертациясынын көлөмүнө, аны тариздөөгө жана анын түзүмүнө коюлган талаптар билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
26. Билим берүү уюмунун PhD/тармак боюнча докторантура түзүмдүк бөлүмү PhD диссертациясын экспертизалоонун төмөнкүдөй этаптарын жүзөгө ашырат:
1) коомдук талкуулоо менен бирге калыстар тобу тарабынан PhD диссертациясын экспертизалоо;
2) PhD диссертациясын алдын ала коргоо;
3) PhD диссертациясын ачык коргоо.
PhD диссертациясын коомдук талкуулоо, экспертизалоо, алдын ала коргоо жана ачык коргоо тартиби ушул Жобого ылайык билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
27. PhD диссертациясын экспертизалоо, алдын ала жана ачык коргоо үчүн билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен беш кишиден турган калыстар тобунун курамы түзүлөт.
Калыстар тобунун курамына илимдин тиешелүү жана/же тектеш тармагындагы эксперттер кирет, алардын үчөө башка билим берүү уюмдарынан болууга, анын ичинде бирден кем эмес чет өлкөлүк өкүл болууга тийиш.
Калыстар тобунун курамына кирүүгө талапкерлер ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий басылмаларда илимий публикациялары, анын ичинде Scopus жана/же Web of Science эл аралык системаларында индекстелүүчү илимий басылмаларда экиден кем эмес публикациясы бар, бул кесиптик тармакта PhD/тармак боюнча доктор, илимдин кандидаты, илимдин доктору окумуштуулук даражасы же профессордун наамы бар адистер болууга тийиш.
Илимий жетекчи калыстар тобунун курамына кирбейт.
Калыстар тобунун төрагасы биринчи жыйында калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан шайланат.
Калыстар тобунун чет өлкөдө берилген илимий даражаны ыйгаруу жөнүндө диплому бар мүчөлөрү үчүн нострификациялоо жол-жобосунан өтүү талап кылынбайт.
28. Калыстар тобунун жыйыны видеого жазылат, калыстар тобунун чечими протокол менен таризделет.
29. PhD диссертациясын коомдук талкуулоо алдын ала коргоого чейин үч айдан кечиктирилбестен өткөрүлөт.
PhD диссертациясын коомдук талкуулоонун натыйжасында тышкы пикирлер келип түшүүсү мүмкүн, алар алдын ала коргоодо баяндалат.
30. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча калыстар тобунун ар бир мүчөсү PhD диссертациясы боюнча корутунду берүүгө тийиш.
Корутундуда төмөнкүлөр берилет:
1) PhD диссертациясынын тематикасын бекитүү, тема өзгөргөн учурда - өзгөртүүнүн негиздемеси;
2) илимий жетекчилик, алмашкан учурда - чечимдин негиздемеси;
3) PhD диссертациясы алгачкы жолу же кайрадан берилдиби. Кайрадан берилген учурда - PhD диссертациясына сын-пикирлерди жоюу боюнча толук маалымат;
4) PhD диссертациясынын тандалган тематикасынын актуалдуулугу;
5) PhD диссертациясынын мазмунунун изилдөөнүн темасына шайкештиги;
6) изилдөөнүн жыйынтыктарынын аныктыгы, тыянактардын жана сунуштамалардын негиздүүлүгү;
7) коргоого чыгарылган илимий жыйынтыктардын жаңылыгы;
8) изилдөөнүн жыйынтыктарынын илимий, практикалык, экономикалык, социалдык маанилүүлүгү;
9) публикациялардын тизмесин жана мүнөзүн тиркөө менен диссертациялык изилдөөнүн илимий жыйынтыктарын жарыяланган иштерде баяндоо;
10) PhD диссертациясында берилген илимий жыйынтыктарды алууга автордун жеке катышуусу.
31. Калыстар тобу тарабынан PhD диссертациясына жүргүзүлгөн экспертиза жана коомдук талкуулоо аяктагандан кийин PhD/тармак боюнча докторантура түзүмдүк бөлүмү калыстар тобунун мүчөлөрүнүн катышуусу менен алдын ала коргоону уюштурат.
32. Алдын ала коргоодо PhD докторанты төмөнкүлөрдү берет:
1) PhD диссертациясын кагаз түрүндө жана электрондук вариантта;
2) диссертациялык изилдөөнүн темасы боюнча илимий публикацияларды;
3) тышкы пикирлерди (болсо);
4) диссертациялык изилдөөнүн кыскача мазмунун баяндоо менен эл алдында чыгып сүйлөөнү;
5) калыстар тобунун мүчөлөрүнүн экспертизасынын корутундусун;
6) илимий жетекчилердин пикирлерин;
7) көчүрүп алуу жөнүндө маалымкатты;
8) PhD диссертациясынын темасын бекитүү жөнүндө көчүрмөнү.
33. Алдын ала коргоого жана ачык коргоого чейинки бир айда билим берүү уюмунун сайтына PhD диссертациясынын темасын, PhD докторанты жана илимий жетекчилер жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен коргоо убактысы жана жери жөнүндө жарыя жайгаштырылат.
34. PhD диссертациясын алдын ала коргоонун жыйынтыгы боюнча калыстар тобунун мүчөлөрү төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
1) PhD диссертациясын коргоого сунуштоо;
2) PhD диссертациясына карата берилген сын-пикирлерди жойгондон кийин аны коргоого сунуштоо;
3) PhD диссертациясын четке кагуу.
Сын-пикирлерди жоюу үчүн PhD докторантына үч айдан алты айга чейин мөөнөт берилет.
Алдын ала экспертизанын жыйынтыгы боюнча калыстар тобунун PhD диссертациясын четке кагуу жөнүндө чечимин алган PhD докторанты жекече окуу планын аткарган эмес деп эсептелет жана PhD/тармак боюнча докторантура түзүмдүк бөлүмүнүн сунушу боюнча билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен PhD/тармак боюнча докторантурадан чыгарылууга тийиш. Мындай учурда окуудан чыгарылган PhD докторантына анын жеке арызынын негизинде эки жуманын ичинде өздөштүрүлгөн дисциплиналардын тизмегин, алардын сыйымдуулугун жана жүргүзүлгөн илимий-изилдөө иши жөнүндө маалыматты камтыган транскрипт берилет.
35. Алдын ала коргоодо калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан берилген сын-пикирлер жана сунуштамалар жоюлган шартта PhD докторантына ачык коргоого кирүүгө уруксат берилет. Сын-пикирлерди жоюуну ырастоо көчүрүп алуу жөнүндө жаңыртылган маалымкатты берүү менен макулдашуу барагында калыстар тобунун мүчөлөрүнүн колу менен күбөлөндүрүлөт. PhD диссертациясын алдын ала коргоодогу сын-пикирлерди жоюунун макулдашуу барагынын формасы билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
4-глава. Калыстар тобунун чечимине апелляцияны кароо тартиби
36. Алдын ала экспертизанын жыйынтыгы боюнча калыстар тобунун PhD диссертациясын четке кагуу жөнүндө чечимин алган PhD докторанты жазуу жүзүндөгү апелляциялык арызды билим берүү уюмунун жетекчисинин атына берүүгө укуктуу.
37. PhD докторанты тарабынан апелляциялык арыз эркин формада, чечим чыгарылган күндөн тартып 2 айдын ичинде берилет.
38. Апелляциялык арыз берилген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен апелляциялык комиссия түзүлөт.
Апелляциялык комиссиянын курамына тиешелүү адистик боюнча окумуштуулук даражага ээ болгон 3төн кем эмес адис кирет.
Илимий жетекчилер жана калыстар тобунун мүчөлөрү апелляциялык комиссиянын мүчөсү боло албайт.
39. Апелляциялык комиссия апелляциялык арызды, калыстар тобунун мүчөлөрүнүн экспертизасынын корутундусун, алдын ала коргоонун протоколун жана видео жазуусун, PhD диссертациясын карайт.
Апелляциялык комиссия апелляциянын натыйжалары боюнча корутундуну даярдайт жана ал түзүлгөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде чечим чыгарат.
Апелляциялык комиссиянын чечими ачык добуш берүүдө көпчүлүк добуш менен кабыл алынат, ага анын бардык мүчөлөрү кол коет жана билим берүү уюмунун жетекчисине жиберилет.
40. Апелляциялык комиссия тарабынан PhD диссертациясынын алдын ала экспертизасын кайрадан жүргүзүү жөнүндө чечим чыгарылса, билим берүү уюмунун жетекчиси калыстар тобунун мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес курамын жаңылайт.
41. Апелляциялык комиссиянын чечими ал кабыл алынган күндөн тартып 5 күндүн ичинде PhD докторантына билдирилет.
42. Апелляцияга кайрадан арыз берүүгө жол берилбейт.
Апелляция жүргүзүү тартиби билим берүү уюму тарабынан бекитилет.
43. Калыстар тобунун PhD диссертациясын четке кагуу жөнүндө кайрадан чыгарылган чечими менен макул болбогон учурда, чечимди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде талашууга болот.
5-глава. PhD докторанттарынын окуусун калыбына келтирүү, окуудан чыгаруу, которуу жана академиялык өргүү берүү тартиби
44. PhD докторанттарынын окуусун калыбына келтирүү жана аларды бир билим берүү уюмунан башкага которуу, PhD/тармак боюнча докторантурадан аспирантурага жана тескерисинче которуу билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен жүзөгө ашырылат.
45. PhD/тармак боюнча докторантурадан чыгарылган адамдар 10 жылдын ичинде окуусун калыбына келтирүүгө укуктуу.
PhD докторантынын окуусун калыбына келтирүү окуудан чыгарууда жеткиликсиз көлөмдөгү жекече окуу планын аткарган учурда билим берүү уюмунун буйругу менен жүзөгө ашырылат.
46. Которууда төмөнкү көрсөткүчтөр каралат:
1) илимий изилдөөнүн тармагы;
2) Кредиттерди которуунун жана топтоонун Европа системасы (ECTS) боюнча өздөштүрүлгөн кредиттердин саны;
3) программанын билим берүү компонентинин дисциплиналарынын тизмеги;
4) окуунун натыйжалары.
47. PhD докторанты төмөнкү учурларда PhD/тармак боюнча докторантурадан чыгарылышы мүмкүн:
1) өз каалоосу менен;
2) жекече окуу планын аткарбагандыгы үчүн;
3) билим берүү уюмунун ички тартип эрежелерин бузгандыгы үчүн;
4) докторант менен билим берүү уюмунун ортосунда түзүлгөн келишимдин шарттарын аткарбагандыгы үчүн.
PhD докторанты окуудан чыгарылган учурда анын жеке арызынын негизинде транскрипт берилет.
48. Ооруп калган, каникулда, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө, ошондой эле академиялык өргүүдө болгон учурда PhD докторанттарын окуудан чыгарууга жол берилбейт.
49. PhD докторанттарына медициналык көрсөтмөлөр боюнча, ошондой эле башка өзгөчө шарттарда (билим алуусун улантууга мүмкүндүк бербеген табигый кырсыктар, үй-бүлөлүк жана башка абал) академиялык өргүү берилиши мүмкүн.
Академиялык өргүү 12 календардык айдан ашпоого тийиш.
50. PhD докторантына академиялык өргүү берүү жөнүндө чечимди тиешелүү документтерди тиркөө менен PhD докторантынын жеке арызынын негизинде билим берүү уюмунун жетекчиси кабыл алат.
51. Окууну калыбына келтирүү жана окуу процессине кирүүгө уруксат PhD докторантынын жеке арызынын негизинде билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен таризделет.
6-глава. Философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу жана диплом берүү
52. Эгерде жыйынга катышкан калыстар тобунун мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси ага добуш берсе, философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу маселеси боюнча калыстар тобунун чечими оң болуп эсептелет.
53. PhD диссертациясын ийгиликтүү жактаган PhD докторантына калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан ачык добуш менен илимий же башка кесиптик ишти жүргүзүү укугу менен философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу жөнүндө чечим чыгарылат.
54. Философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документ Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан белгиленет.
Билим берүү уюму белгиленген тартипте философия доктору (PhD)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документти берет.
Философия доктору (РЬВ)/тармак боюнча доктор окумуштуулук даражасын ыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документке калыстар тобунун төрагасы жана билим берүү уюмунун жетекчиси кол коет.
55. Жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүүнүн PhD/тармак боюнча докторантурасын ишке ашыруу PhD докторанттарынын жеке каражаттарынын, билим берүү уюмунун атайын каражаттарынын, жеке фонддордун, ишканалардын жана жеке адамдардын, эл аралык илимий жана билим берүү гранттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.