Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 63
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы К.Тууганбаевдин сунушу жөнүндө
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин сунушун талкуулап
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектүү XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевдин сунушу эске алынып, айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетине төмөндөгү акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
- Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы К.Чодошев, С.Чекиров атындагы орто мектептеринин ажатканасынын курулуштарынын эмгек акысына -50,0миӊ сом берилсин.
- Тиш дарылоо пункутунун кире бериш бастырмасын куруу үчүн -25,0миӊ сом берилсин.
- Жолбун иттерди аттырууга -50,0миӊ, сыйлык акы катары карышкыр атып келгендерге -5,0миӊ, чөө атып келгендерге -2,0миӊ сом берилсин.
- Айыл өкмөттүн кенже топтогу кызматкерлери (кароолчу, техничка) 2кызматкерине (декабрь,январь,февраль, март, апрель) айлары үчүн айлык акысына кошумча 5000сомдон, 5 айга - 50,0миӊ сом берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Акматжан уулу Жеңишбекке аткаруу Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы К.Тууганбаевге тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | М.Б. Суранбаева |