Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 25-июлу № 1
Атай айылаймагынын айыл өкмөтүнө Швейцариялык көз карандысыз ХЕЛЬВЕТА Суюму тарабынан көчөнү жарыктандыруу боюнча жактырылган 500 000 (беш жүз мин) сомдук долбоордун 250 000 (эки жүз элүү мин) сомун кошумча планга киргизүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн финансы–экономика бөлүмүнүн башчысы З.Ташматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай Айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл өкмөтүнүн аппаратынын атайын эсебинен 3111 беренесине 250 000 (эки жүз элүү мин) сом кошумча план кылып киргизилсин.
2. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык кенешинин “Пландоо-бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн финансы–экономика бөлүмүнүн башчысы З.Ташматовго тапшырылсын.
Төрага | Н.Т.Жээнбаев |