Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 25-июлу № 2
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылы 6 ай ичинде киреше салыгынан түшкөн каражатынан кошумча план кылып киргизүү жөнүндө
Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин 6 айында киреше салыгынан пландан ашыкча түшкөн акча каражатынын эсебинен айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план кылып киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы–экономика бөлүмүнүн башчысы З.Ташматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай Айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин 6 айына киреше бөлүгүндөгү пландан ашыкча түшкөн салык агенти төлөөчү киреше салыгынан 300 000 (үч жүз мин) сомду айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 11111100 элементине жана аппараттын атайын каражатына 142399 элементине кошумча план кылып жана чыгаша бөлүгүнүн айыл өкмөттүн аппаратынын 2215 беренесине 300 000 (үч жүз миң) сом, айыл өкмөттүн аппаратынын атайын каражатынын 3112 беренесине 8000 (сегиз мин) сом кошумча план кылып киргизилсин.
2. Акча каражаттарын кошумча план кылып киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн фмнансы-экономика бөлүмүнүн башчысы З.Ташматовго тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык кенешинин “Пландоо-бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Т.Жээнбаев |