Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 25-июлу № 3
Атай айылдык Кенешинин төрагасы Н.Т.Жээнбаевди Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүү жөнүндө
Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Атай айыл аймагынын айыл тургуну,айылдык Кенештин төрагасы Жээнбаев Нурмадил Токтоназаровичти Тогуз –Торо районунун “Ардактуу атуулу” сыйлыгына көрсөтүү сунушу кабыл алынсын.
2. Керектеле турган документтерин даярдоо айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жаныбаевге милдеттендирилсин.
Атай айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары: |
К.М.Манапбаева |