Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
2022-жылдын 25-июлу № 4
Эркулов Каныбектин арызы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-август 1994-жылдагы жер жана агрардык реформаны жүргүзүү боюнча №632 номерлүү токтомуна ылайык мурун бөлүнгөн дыйкан чарбаларынын жерин бөлүп берүү жөнүндө, Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары К.Манапбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Атай айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Атай айыл аймагындагы “Жийде” дыйкан чарбасынын башчысы Эркулов Каныбектин арызы канааттандырылып, “Жийде” дыйкан чарбасынын мүчөсү Жумабаев Акылбек Бегалиевичке Уч.Көк-Жар № 1 0,68га сугат , жер контуру -757.Уч Көк-Жар №2 0,45га сугат,контуру-403. Уч.Маркс 2,0га кайрак,контуру -1449.Уч.Уй-Булак 0,64га кайрак,контуру -1414.Уч.Атай асты 0,32га контуру 814.Уч. Жийде 0,92га контуру -973. Жалпы-5,01га сугаты-1,13га,кайрагы-2,96га,прочее зем-0,92га Жумабаев Акылбек Бегалиевичке бөлүнүп берилсин.
2. Жерди бөлүп берүү жагы жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси М.Асановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом бекитилип райондук “Кадастр” мекемесинен күбөлүк мыйзамдаштырып берүү жагы суралсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Агрардык маселелер жана жол курулуш боюнча тармактык комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Т.Жээнбаев |