Редакцияот 27.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 27-августу № 528

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 210 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги № 210 "Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын, медициналык буюмдардын, ошондой эле дары каражаттарын өндүрүүдө пайдаланылуучу баштапкы материалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 67 (3621) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

               Төрагасы

 

А.У. Жапаров