Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 27-августу № 510-т
2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимдин 4-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимде каралган маселелер боюнча өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырган компетенттүү органдар болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимдин 4-беренесине ылайык 1-пунктта көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары деп аныкталгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |