Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 27-августу № 511-т
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтунун материалдык-техникалык базасын жабдуу жана потенциалын күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу академик Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун алдындагы Молекулалык биология жана медицина боюнча илим-изилдөө институту үчүн Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эл аралык фондунун каражаттарынан каржылануучу "Рынокторго жетүүнү камсыздоо" долбоору боюнча гранттын эсебинен сатып алынган жабдууларды жана материалдарды Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтуна тиркемеге ылайык өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнер жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институту белгиленген тартипте:
- ушул тескеменин тиркемесине ылайык жабдууларды жана материалдарды кабыл алсын;
- өткөрүлүп берилүүчү жабдуулардын жана материалдардын сакталышын камсыз кылсын жана так максаттуу багыты боюнча пайдалансын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыттар илимий-изилдөө институтуна өткөрүлүп берилүүчү жабдуулардын жана материалдардын ТИЗМЕГИ
№ | Лабораториялык жабдуунун аталышы | Саны |
1 | GTC96S градиентүү термоциклери 96-чуңкурлуу блогу менен. Cleaver Scientific ltd өндүргөн, Улуу Британия, даана | 1 |
2 | gelONE гель-документөө системасы. Cleaver Scientific ltd өндүргөн, Улуу Британия, даана | 1 |
3 | Вертикалдуу төмөнкү температурадагы муздаткыч камера, даана | 1 |
4 | MX-S вортекс миксери адаптерлери менен. DLAB Scientific өндүргөн, Кытай, даана | 1 |
5 | САРР Rondo вортекс миксери. AHN Biotechnologie GMBH өндүргөн, Германия, даана | 1 |
6 | САРР Bravo бир каналдуу дозаторлор топтому. AHN Biotechnologie GMBH өндүргөн, Германия, даана | 1 |
7 | multiSUB Maxi, Maxi Duo горизонталдуу электрофорез системасы. Cleaver Scientific ltd өндүргөн, Улуу Британия, даана | 1 |
8 | САРР Bravo механикалык бир каналдуу дозатор. AHN Biotechnologie GMBH өндүргөн, Германия, даана | 1 |
9 | К. протеиназасы. Jena Bioscience GMBH өндүргөн, Германия, даана | 1 |
10 | Eppendorf Mastercycler nexus gradient градиенттүү термоциклери. Eppendorf GMBH өндүргөн, Германия, даана | 1 |
11 | Стерилдүү пробиркалар (0,2 мл). PakGent Bioscience ltd өндүргөн, Кытай, таңгак | 1 |
12 | Рутиналуу ПЦР үчүн жана гельге түз жүктөөчү мастер микс (Ruby Tag Master), Jena Bioscience GMBH өндүргөн, Германия, даана | 2 |
13 | Mivot центрифугалык вортекс. TOPSCIEN INSTRUMENT CO LTD өндүргөн, Кытай, даана | 1 |
14 | D2012plus миницентрифугасы. DLAB Scientific өндүргөн, Кытай, даана | 1 |
15 | Ар кандай көлөмдөгү учтар, таңгак | 4 |
16 | Центрифугалык пробиркалар, таңгак | 1 |
17 | Персоналдуу компьютер, даана | 2 |
18 | Canon мультифункционалдык түзүлүшү, даана | 1 |