Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-декабры № 16-4
Кызыл-Кыштак айылдык аймакта 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана калктын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз XVI сессиясы күн тартибиндеги, Кызыл-Кыштак айылдык аймакта 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана калктын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймакта 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине карата билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жана калктын күз-кыш мезгилдерине даярдыктары канаатандырарлык деп табылсын.
2. Айылдык аймактагы билим берүү, мекемелеринин жылытуу системаларын (отказандарын) күз-кыш мезгилине карата даярдоо иштерин жаңы окуу жылына карата мектептерди дардоодо кошо бүткөрүү тапшырылсын.
3. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
Д. Рахманова |