Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-декабры № 16-5
Финансы маселелери жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз XVI сессиясы күн тартибиндеги, “Финансы маселелери жөнүндө”, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына келген кайрылуулар боюнча 27.10. 2022-жылдагы отурумундагы № 8- протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз XVI сессиясы күн тартибиндеги, “Финансы маселелери жөнүндө”, айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына келген кайрылуулар боюнча 27.10.2022-жылдагы отурумундагы № 8- протоколунун чечими бекитилип, айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен төмөндөгү иштердин аткарылышына каржылансын:
1.1. Ош-Кызыл-Байрак жолун акырына чейин асфальтап бүтүрүүгө - 1,0 млн. сом жана Ишкаван айылдагы негизги жолдун бузулган жерлерин ремонттоого - 200,0 миң сом каржылансын.
1.2. Андижан айылындагы спорт аянтчасын курууүчүн курулуш материалдарына - 500,0 миң сом каржылансын.
1.3. Андижан айылындагы Алимова атындагы көчөнү асфальтоого - 1,5 млн. сом каржылансын.
1.4. МТФ көчөсүнө элетр мамычаларын орнотууга- 130,0 миң сом каржылансын.
1.5. Керме-Тоо айылынын негизги жолун асфальтоого мурда каралган акча каражатынан үнөмдөлгөн акча каражатына кошуп жолунду асфальтоону толук бүтүрүүгө кошумча - 2,0 млн. сом каржылансын.
1.6. Кызыл-Байрак айылындагы “Саткынай апа” бала бакчасынын отказанын алууга - 120,0 миң сом каржылансын.
1.7. Ош-Керме-Тоо жолунун Б.Осмонов көчөсүнөн бурулган жериндеги көпүрөнүн жанына кошумча көпүрө курууга - 1,5 млн сом. каржылансын.
1.8. Кызыл-Кыштак айылындагы Мамажан көчөсүн акырына чейин асфальттап бүтүрүгө - 700,0 миң сом каржылансын.
1.9. Кызыл-Кыштак айылындагы Бостон көчөсүн асфальтоого - 1,0 млн. сом. каржылансын.
1.10. Ишкаван айылдагы Камилов Г. атындагы көчөнү ремонттоого - 200,0 миң сом каржылансын.
2. Айылдык кеңештин 18.07.2022-жылдагы кезексиз XII сессиясынын № 12-5 токтому менен атайын суу чыгаруучу скважиналарды курууга каралган - 4,5 млн. сомдун эсебинен скважина үчүн ТП га (трансформатордук подстацияга)- 180,0 миң сом,ага керектелүүчү жабдууларына жана орнотууга - 56,0 миң сом, жалпысы болуп:- 236,0 миң сом ажыратылсын.
3. Айылдык кеңештин 18.07.2022-жылдагы кезексиз XII сессиясынын № 12-5 токтому менен атайын суу чыгаруучу скважиналарды курууга каралган – 4,5 млн. сом акча каражатынын эсебинен: -скважиналардын “курулуш долбоорунун сметасы” боюнча, -скважиналар үчүн керектүү кошумча жабдууларга, -жана башка аткарылуучу ишерге каржылоо жүктөлсүн.
4. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
Д. Рахманова |