Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-декабры № 16-6
Финансы маселеси жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз XVI сессиясы күн тартибиндеги, “Финансы маселеси жөнүндөгү” маселе боюнча, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим Министрлигинин 16.11.2022-жылдагы № 17-2/2454, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн 27.11.2022-жылдагы № 589 жана айыл өкмөтүнүн 01.12.2022-жылдагы чыгыш № 02-16-1180 сандуу каттары боюнча айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” туруктуу комиссиянын 12.12.2022-жылдагы отурумунун № 9- протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы мектептереге видеокөзөмөлдөөчү жабдууларыды жана танапис учурунда улуттук калориттеги күүлөрдүн коштоосу менен берилүүчү конгуроолорду ортотуу боюнча,айылдык кеңештин “бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестициялар жана мыйзамдуулук боюнча” боюнча туруктуу комиссиянын 12.12.2022-жылдагы отурумунун № 9 - протоколунун чечими бекитилип,айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттардын эсебинен, айыл аймагындагы мектептер боюнча төмөндөгүдөй акча каражаттары каржылансын:
1. № 20 - Ы.Насыров атындагы мектепке – 282 960,0 сом;
2. № 123 - Сүрөттүү –Таш мектебине – 228 787,0 сом
3. № 24 - Оморбек датка атындагы мектепке – 350 307,0 сом;
4. № 98 - М.Маматалиев атындагы мектепке – 186 853,0 сом;
5. № 110 - М.Газиев атындагы мектепке – 209 952,0 сом;
6. № 25 - Т.Омурзаков атындагы мектепке – 220 206,0 сом;
7. № 117 - К.Маткеримов атындагы мектепке – 169 571 сом;
8. № 65 - М.Сабироватындагы мектепке – 830 064,0 сом;
9. № 20 - Айбек атындагы мектепке – 141 265,0 сом;
Жалпысы: 2 620 000,0 сом
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин «бюджет, финансы-экономикалык өнүгүү, инвестиция жана мыйзамдуулук боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
Д. Рахманова |