Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 12-декабры № 16-7
Айылдык аймактагы аныкталган жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылыштагы) кезексиз XVI сессиясы күн тартибиндеги,“Айылдык аймактагы аныкталган жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү”, маселе боюнча,айыл өкмөтүнүн кайрылуу каттарынын боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 03.12.2022-жылдагы отурумунун № 9 - протоколунун жана 09.12.2022-жылдагы № 10 - протоколунун чечимин карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн, “Айылдык аймактагы аныкталган жер тилкелерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алуу жөнүндөгү” кайрылуу каттары боюнча, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын 03.12.2022-жылдагы отурумунун № 9 - протоколунун жана 09.12.2022-жылдагы № 10 - протоколунун чечими бекитилип, Кызыл-Кыштак айыл аймагында аныкталган төмөндөгү жер тилкелери айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын:
- Жаңы-Турмуш айылынын “Достук”көчөсүндөгү № 17 – үйдүн алдындагы - 18,0 чарчы метр жери тилкеси;
- Андижан айылынын Курманжан датка атындагы көчөсүндөгү № 582 – үйдүн алдындагы - 150,0 чарчы метр жери тилкеси;
- Андижан айылынын Ж.Якубов атындагы көчөсүндө жайгашкан - 27,3 чарчы метр жери тилкеси;
- Андижан айылынын Х.Алимова атындагы көчөсүндө жайгашкан - 120,0 чарчы метр жер тилкеси;
- Жаңы-Турмуш айылынын Катта-Терек участкасындагы № 1132 - контрундагы - 1000,0 чарчы метр жери тилкеси;
- Кызыл-Кыштак айылынын Шамшат көчөсүндөгү А.Адиловдун үйүнүн алдындагы - 145,8 чарчы метр жер тилкеси
2. Бул токтомду аткаруу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кенештин (жетинчи чакырылышынын) “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы: |
Д. Рахманова |