ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 26- сессиясы
2023-жылдын 8-февралы № 6
Дароот-Коргон айылынын тургуну Исматиллаев Бакытбектин 2023-жылдын 19-январындагы сунуш катын кароо жөнүндө
Дароот-Коргон айылынын тургуну Исматиллаев Бакытбектин 2023-жылдын 19-январындагы сунуш катын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 26-сессиясынын кезектеги отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылыны ПМК участкасында жайгашкан медресе “Чоң-Алай Медресеси” деп аталсын жана медресе болуп балдарга таалим тарбия берүү максатында колдонулуусуна макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Мойдунов |