Загрузка документа…
КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-сентябры № 24
Административдик-аймактын түзүлүшү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрь ПСЖ №350 “Кыргыз Республикасынын административдик -аймактык түзүлүлүшүнүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча мындан ары чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде Кыштут айылдык Кеңешинин 2024-жылдын 5-сентябрында кезексиз VI сессиясында аймактык түзүлүш боюнча маселени карап жана Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эркебаевтин баяндамасын угуп кенири талкуулап
Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы.
Токтом кылат:
1 Кыштут айыл аймагы Газ, Согмент, Чарбак, Кыштут, Таян жана Сай айылдары, Дара айыл аймагынын тоолуу аймагы Жанырык, Кан , Табылгы, Кайынды, Сары-Талаа, Коргон-Таш айылдары кошулуп , Алтын -Бешик айыл аймагы административдик –аймактык түзүлүшүнѳ макулдук берилсин.
2 Алтын-Бешик айыл аймагынын административдик борбору болуп Таян айылы калтырылсын.
3 Ушул токтомдун аткарылышын камсыздоо Кыштут айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Эркебаевке милдеттендирилсин.
4 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | С.Сүйүнов |