Редакцияот 08.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОН-АЛАЙ  АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 26- сессиясы

2023-жылдын 8-февралы  № 9

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун 2023-жылдын 27-январындагы  № 1 чыгыш сандуу кайрылуу катын кароо жөнүндө

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун 2023-жылдын 27-январындагы № 1 чыгыш сандуу ичүүчү сууну пайдалануу боюнча тарифти кайрадан карап чыгуу сунушун  Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын  26-сессиясынын  кезектеги отуруму угуп, талкуулап

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон жана Кызыл-Туу айылдарынын ичүүчү сууну пайдалануу  жергиликтүү тургундарынын  социалдык абалдарын эске алуу менен мурунку тарифте калтырылсын ал эми тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жана муниципалдык ишканаларга  тарифтер төмөнкүдөй болуп  бекитилсин.

Бюджеттик мекемелер үчүн

-        1 метр кв 1,0 сом

-        1 метр куб 100 сом

Коммерциялык ишканалар үчүн

-        1 метр кв 2,0 сом

-        1 метр куб 150 сом

 

2. Ушул белгиленген тарифтер боюнча жергиликтүү тургундарга жана тиешелүү мекеме ишканаларга тааныштыруу жана иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдындагы “Турак жай жана коммуналдык чарба” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маданий маселелер жана билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.                                                                  

 

Төрага

С. Мойдунов