Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №56
Алты-Адыр жаны конушундагы 300,0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 26.09.2023-жылдагы №01-13/5131 сандуу аныктамасынын негизинде “Күндөн электр энергиясын алуу” инвестициялык долбоорун колдоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Алты-Адыр жаны конушундагы №581, №726, №702, №707, №713, №714, №730, №741-контурларында жайгашкан 300,0 га жер аянтын “Таштуу жайыт жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Fйылдык кеңешенин төрайымы |
Ж.Шадиманова |