Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №57
Кызыл-Бел айылынын түштүк-батыш тарбындагы 500,0 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Баткен жер участокторун изилдеп, башка категорияга же башка түргө которуу боюнча комиссиянын корутундусунун, “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 26.09.2023-жылдагы №01-13/5131 сандуу аныктамасынын негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К. Темурбоевдин билдирүүсүн угуп, жер аянтын түрүн которууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын түштүк-батыш тарбындагы 500,0 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы жерлердин “Таштуу жайыт жана башка жерлер” түрүнөн, “Көп жылдык бактар” түрүнө которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Fйылдык кеңешенин төрайымы |
Ж.Шадиманова |