Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №60
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн суу кампасы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү К. Темурбоевдин билдирүүсүн угуп, “Элди таза-суу менен камсыздоо” долбоорун колдоо максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылынын суу кампасы: Кош-Моло участкасынан суу кампага чейин 11 км жана 0,73 га суу кампанын керектүү болгон иш кагаздарын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн атынан даярдоого Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Fйылдык кеңешенин төрайымы |
Ж.Шадиманова |