Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №61
Кара-Бак айылындагы 0,29 га жер аянтынын түрүн которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З. Осмоновдун билдирүүсүн угуп, жер аянтын түрүн которууга макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылынын тургуну Салиев Эркинбай Исамидиновичке таандык 0,29 га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер” түрүнө которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Fйылдык кеңешенин төрайымы |
Ж.Шадиманова |