Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №63
Пайдаланып жүргөн жер аянтын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, КР 2022-жылдын 1-апрели № 21 “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жонүндөгү” мыйзамынын 8-9-беренелерине таянып, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын №6 протоколунун негизинде пайдаланып жүргөн жер аянттарын жеке менчикке бекитип берүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынынын төмөнкү тургундарынын көп жылдан бери пайдаланып жүргөн жер аянттарын өздөрүнө кезексиз бекитип берүүгө макулдук берилсин.
1. Искандаров Абдиманап - 0,10 га
2. Камарова Бүүниса - 0,09 га
3. Маматова Бурулай - 0,06 га
4. Асамидиниова Гүлзада Жаныбековна - 0,13 га
5. Муктаров Муратали Бегалиевич - 0,10 га
6. Темиркулова Шазада - 0,10 га
7. Абдилазиз кызы Айседеп - 0,10 га
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Fйылдык кеңешенин төрайымы |
Ж.Шадиманова |