Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 26-августу №66
Кара-Бак айыл аймагындагы ички чарбалык каналдар тик кудуктар жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык,
Кара-Бак айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Темиркуловдун билдирүүсүн угуп, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагындагы ички чарбалык каналдарды, тик кудуктарды жана насосторду Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын
Айылдык кеңешенин төрайымы |
Ж.Шадиманова |