Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 107 токтому менен бекитилди) |
Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптар, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптар, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби (мындан ары - Талаптар) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык иштелип чыккан жана сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптарды, улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган сертификациялоо боюнча орган (мындан ары - сертификациялоо боюнча орган) тарабынан аткарылуучу шайкештикти ырастоо боюнча ишке катышкан сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин бирдиктүү реестрин (мындан ары - бирдиктүү реестр) түзүү жана жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Талаптарда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
1) орган - сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн ырастаган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор;
2) сертификациялоо боюнча эксперт (эксперт-аудитор) (мындан ары - сертификациялоо боюнча эксперт) - белгилүү бир тармакта продукциянын шайкештигин ырастоо компетенциясына ээ болгон жана продукцияны сертификациялоо боюнча органда продукциянын шайкештигин ырастоо боюнча ишти жүзөгө ашырган жеке жак;
3) персоналды сертификациялоо схемасы - компетенттүүлүк жана адистердин белгилүү бир категорияларына тиешелүү башка талаптар;
4) сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестри - аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан түзүлүүчү сертификациялоо боюнча эксперттер (эксперт-аудиторлор) жөнүндө маалыматтарды камтыган мамлекеттик маалыматтык ресурс.
2-глава. Сертификациялоо боюнча эксперттерге талаптар
3. Сертификациялоо боюнча эксперт төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) билдирилген экспертти сертификациялоо тармагына ылайык келген жогорку билими же экспертти сертификациялоо тармагына ылайык келген илимий адистик (багыт) боюнча жогорку билими жана кошумча кесиптик билими (кесиптик кайра даярдоо)/окумуштуулук даражасы болууга;
2) улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган сертификациялоо боюнча органдарда продукциянын шайкештигин милдеттүү ырастоо боюнча эки жылдан кем эмес - билдирилген сертификациялоо тармагында сертификациялоо боюнча адистин иш тажрыйбасы болууга;
3) шайкештикти милдеттүү ырастоо жаатында колдонуудагы ченемдик укуктук документтерге өзгөртүүлөр киргизилген же жаңысы колдонууга киргизилген учурда техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо жаатында, анын ичинде сертификациялоо боюнча экспертти сертификациялоо жаатында продукциянын шайкештигин ырастоо эрежелери жана жол-жоболору бөлүгүндө квалификациясын жогорулатууга, бирок 3 жылда бир жолудан кем эмес.
4. Сертификациялоо боюнча эксперт төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу, метрология жана аккредитациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын, ошондой эле техникалык жөнгө салуу, анын ичинде шайкештикти баалоо жаатында Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдерди жана актыларды;
2) шайкештикти баалоо жаатындагы терминдерди жана аныктамаларды;
3) кесиптик этиканын эрежелерин.
5. Сертификациялоо боюнча эксперт билдирилген сертификациялоо тармагында шайкештикти милдеттүү ырастоо боюнча иштерди жүргүзүү жаатында төмөнкүдөй атайын билимге ээ болууга тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүгө талаптарды белгилеген, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актылардын жоболорун;
2) техникалык регламенттердин, стандартташтыруу боюнча документтердин жана сертификациялоо боюнча экспертти сертификациялоо жатында киргизилген шайкештикти ырастоо объекттерине талаптарды белгилөөчү башка документтердин талаптарын;
3) продукцияны өндүрүү процесстерине жана уюштурууга талаптарды; продукцияны сыноонун түрлөрүн; сыноолордун жана өлчөөлөрдүн методдорун (методикаларын); чийки заттарды, материалдарды, комплектөөчү буюмдарды киргизүү контролун, өндүрүү процессинде продукцияны жана даяр продукцияны контролдоону уюштурууну; продукцияны өндүрүүнү метрологиялык камсыз кылуунун негиздерин; продукциянын сапатын жана ишенимдүүлүгүн баалоонун статистикалык методдорун; продукцияны маркалоого талаптарды.
6. Сертификациялоо боюнча эксперт төмөнкүдөй атайын көндүмдөргө ээ болууга тийиш:
1) продукцияны идентификациялоо;
2) изилдөөлөр (сыноолор) жана өлчөөлөр үчүн үлгүлөрдү тандоо;
3) изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн натыйжаларын талдоо жана баалоо;
4) өндүрүштүн абалын талдоо;
5) сертификациялоонун натыйжасы боюнча документтерди тариздөө;
6) сертификацияланган продукцияны инспекциялык контролдоо боюнча иштерди жүргүзүү;
7) шайкештикти ырастоо жол-жоболорун аткаруу жана Кыргыз Республикасынын продукциянын шайкештигин милдеттүү ырастоо тартибинде белгиленген баалоо (аудит) методдору;
8) ишти натыйжалуу пландоо жана уюштуруу;
9) белгиленген убакыттын ичинде жана макулдашылган баалоо (аудит) планынын алкагында иштин багытына жараша убакыт ченемдерин сактоо менен баалоо (аудит) жүргүзүү;
10) байкоолорду жана баалоонун (аудиттин) корутундуларын негиздөө үчүн баалоо (аудит) критерийлеринин жетиштүүлүгүн жана алгылыктуулугун ырастоо;
11) баалоо (аудит) күбөлүгүн документтештирүү, тиешелүү отчетторду даярдоо жана баалоо (аудит) боюнча натыйжаларды тариздөө.
7. Продукцияны, персоналды, процесстерди, менеджмент системаларын сертификациялоо боюнча эксперттердин компетенттүүлүгүн ырастоого талапкер болгон жеке жактардын (мындан ары - арыз ээси) төмөнкүлөрү болууга тийиш:
1) билдирилген экспертти сертификациялоо тармагына ылайык келген жогорку билими же билдирилген экспертти сертификациялоо тармагына ылайык келген илимий адистик (багыт) боюнча жогорку билим жана кошумча кесиптик билими (кесиптик кайра даярдоо)/окумуштуулук даражасы;
2) сертификациялоо жаатында үч жылдан кем эмес жалпы иш стажы, анын ичинде улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган сертификациялоо боюнча органдарда билдирилген сертификациялоо тармагында продукциянын шайкештигин милдеттүү ырастоо боюнча эки жылдан кем эмес иш стажы;
3) "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун (мындан ары - СМБ) алдындагы Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору" мекемесинде же болбосо Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин аккредитациясы бар билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу органда билдирилген сертификациялоо тармагында продукциянын шайкештигин ырастоо боюнча узактыктагы сексен академиялык сааттан кем эмес курстарда окууга;
4) сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органда бул тармакта эки жылдан кем эмес иштеген сертификациялоо боюнча сертификацияланган эксперттин жетекчилиги алдында билдирилген сертификациялоо тармагында практикалык даярдоодон (стажировкадан) өтүүгө.
8. Кыргыз Республикасында сертификациялоонун жаңы тармактары боюнча даярдоо (кайра даярдоо) боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу уюмдар жок болгон учурда, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кырк академиялык сааттан кем эмес көлөмдөгү курстардан өтүүгө жол берилет.
Мында байланыш маалыматтары менен окуткан билим берүү мекемесинин расмий сайтындагы реестрге шилтеме жасоо менен жана ырастоочу документтерди тиркөө менен курстан өткөндүгү жөнүндө берилген документти ырастоо менен билим берүү мекемесинин катын берүү зарыл.
Кыргыз Республикасында билдирилген сертификациялоо тармагында сертификациялоо боюнча органдар жок болгон учурда бул тармакта беш жылдан кем эмес иш стажына жол берилет.
Арыз ээси жогоруда аталган талаптарга ылайык келген учурда орган аны квалификациялык экзаменден өтүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде арыз ээсине кабарлайт.
3-глава. Сертификациялоо боюнча эксперттердин компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптар
9. Орган сертификациялоонун ар бир конкреттүү тармагына персоналды сертификациялоонун схемасын иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш. Персоналды сертификациялоо схемасы милдеттүү түрдө төмөнкү элементтерди камтууга тийиш:
1) сертификациялоо тармагын;
2) иштин жана милдеттердин сыпаттамасын;
3) талап кылынган компетенцияны, анын ичинде шайкештикти продукциянын ырастоо боюнча ишти мамлекеттик тилде жүргүзүү билгичтигин;
4) зарыл шарттарды (зарыл болгон учурда);
5) кесиптик этика кодексин.
10. Персоналды сертификациялоо схемасы сертификациялоо процессинин төмөнкүдөй талаптарын камтууга тийиш:
1) баштапкы жана кайра сертификациялоо критерийлерин;
2) баштапкы жана кайра сертификациялоодо баалоо методдорун;
3) байкоо жүргүзүү методдорун жана критерийлерин (зарыл болгон учурда);
4) сертификатты токтото туруу жана жокко чыгаруу үчүн критерийлерди;
5) сертификациялоо тармагын же деңгээлин өзгөртүү үчүн критерийлерди (зарыл болгон учурда).
Персоналды сертификациялоо схемалары сертификациялоо боюнча эксперттердин бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору (мындан ары - КАБ) менен макулдашылууга тийиш.
11. Орган персоналды сертификациялоонун ар бир схемасына ылайык келген персоналды сертификациялоо процессин, анын ичинде персоналды кайра сертификациялоо процессин белгилеген, сертификациялоо боюнча талаптарды, арыз ээлеринин укуктарын, баалоо процессинин сыпатталышын жана сертификацияланган персоналдын милдеттерин, зарыл болгон учурда сертификацияланган персоналдын жүрүм-турум эрежелерин камтыган, сертификациялоо схемасынын талаптарына ылайык кайра сертификациялоо процессин аткаруу боюнча сертификациялоо боюнча органдын ырааттуу иш-аракеттерин белгилөөчү компетенттүүлүк сертификатын токтото туруу же жокко чыгаруу же сертификациялоо тармагын кыскартуу боюнча документтерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш.
12. Арыз ээсин баалоодо орган сертификациялоо схемасына ылайык баалоонун конкреттүү методдорун жана критерийлерин пайдаланууга тийиш. Баалоо арыз ээсинин компетенттүүлүгүн ырастоо үчүн схеманын талаптарын документтештирилген далилдер менен объективдүү жана системалуу текшерүүгө кепилдик бергендей түрдө пландалууга жана түзүлүүгө тийиш.
Сертификациялоо боюнча эксперттердин компетенттүүлүгүн ырастоо боюнча орган адистерди даярдоону (кайра даярдоону) жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашыруучу уюмдардын ишинен көз карандысыз болууга тийиш, башкача айтканда окуткан окутуучу экзамен алуучу же анда кеминде акыркы эки жыл ичинде окуган конкреттүү талапкерди сертификациялоо боюнча чечим кабыл алуучу адам катары чыга албайт.
4-глава. Сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоо тартиби
13. Сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн ырастоо орган тарабынан жеке жактарга, анын ичинде СМБнын аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрүнө алардын сертификациялоо боюнча эксперттерге талаптарга ылайык келүүсүнө карата жүзөгө ашырылат.
14. Сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн ырастоо (мындан ары - сертификациялоо) үчүн арыз ээси органга төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган арыз жиберет:
1) фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо);
2) арыз ээсинин жашаган жеринин дареги, телефон номери жана электрондук почтасынын дареги;
3) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин маалыматтары;
4) сертификациялоо объекттеринин аталыштарын жана аларга талаптарды белгилөөчү документтер жөнүндө маалыматтарды камтыган сертификациялоо боюнча эксперттин билдирилген сертификациялоо тармагы (продукциянын бир түрдүү түрлөрү боюнча 4төн ашык эмес техникалык регламенттер) (мындан ары - сертификациялоо тармагы);
5) арыз ээси кызматкери болуп саналган сертификациялоо боюнча органдын аталышы, шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын реестриндеги сертификациялоо боюнча органды аккредитациялоо аттестатынын номери (болсо);
6) арыз таризделген дата.
15. Арызга кагаз жана/же электрондук түрдөгү төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
1) арыз ээсинин билдирилген экспертти сертификациялоо тармагына ылайык келген жогорку билиминин же билдирилген экспертти сертификациялоо тармагына ылайык келген илимий адистик (багыт) боюнча жогорку билиминин жана кошумча кесиптик билиминин (кесиптик кайра даярдоо)/окумуштуулук даражасынын бар экендигин, ошондой эле сертификациялоо боюнча экспертти сертификациялоонун тиешелүү тармагында продукциянын шайкештигин ырастоо эрежелери жана жол-жоболору боюнча окугандыгын (арыз берилген датага чейин үч жылдан кечиктирбестен квалификациясын жогорулатуу) ырастаган;
2) арыз ээсинин мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүгө уруксатынын бар экендигин ырастаган (зарыл болгон учурда);
3) иш тажрыйбасын ырастаган эмгек китепчесинин жана (же) эмгек келишиминин;
4) квалификация сертификатынын жана Кыргыз Республикасынын продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка документтердин (зарыл болгон учурда);
5) шайкештикти ырастоо чөйрөсүндө эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды каттоо жөнүндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген документтин;
6) арыз ээсинин шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүү жана шайкештикти баалоонун натыйжалары боюнча документтерди мамлекеттик тилде тариздөө жөндөмүн ырастаган документтин (болсо);
7) "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун алдындагы "Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору" мекемеси же ушул Талаптардын 7-пунктунда көрсөтүлгөн сертификациялоо тармагында билдирилген Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин аккредитациясы бар билим берүү ишин жүзөгө ашыруучу орган тарабынан берилген шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө сертификациялоо боюнча экспертти тиешелүү сертификациялоо тармагында окугандыгын ырастаган документтин.
16. Ушул Талаптардын 15-пунктунда көрсөтүлгөн арыз жана ага тиркелген документтер кагаз жана электрондук формаларда берилет жана арыз ээсинин электрондук санариптик колтамгасы менен кол коюлат.
Арыз ээси укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык сертификациялоого талапкерлер жөнүндө билип туруп анык эмес документтерди жана маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
17. Документтер органга берилгенден кийин аларга өзгөртүүлөр киргизилген учурларды кошпогондо, ушул Талаптардын 15-пунктунда көрсөтүлгөн, мурда белгиленген тартипте берилген документтер арызга тиркелбейт.
18. Арызда ушул Талаптардын 15-пунктунда каралган маалыматтар жок болсо же ушул Талаптардын 15-пунктунда каралган документтер берилбесе (ушул Талаптардын 17-пунктунда каралган учурлардан тышкары), орган арыз жана ага тиркелген документтер келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аларды кароосуз арыз ээсине кайтарып берет жана кароодон баш тартуунун себеби жөнүндө кабарлайт.
19. Эгерде арыз органга келип түшкөн учурда ошол эле арыз ээсинин арызы каралып жаткан болсо:
1) сертификациялоонун бир эле ошол тармагына карата - жаңыдан келип түшкөн арыз жана ага тиркелген документтер келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кароосуз кайтарылып берилет;
2) сертификациялоонун башка тармагына карата - билдирилген тармактар боюнча арыз ээсин сертификациялоо ар бир арыз боюнча ар кандай квалификациялык экзамендерди өткөрүүнүн алкагында жүзөгө ашырылат.
20. Орган арыз жана ага тиркелген документтер келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде арыз ээсинин ушул Талаптардын 2-главасында белгиленген талаптарга шайкештигин ырастоо максатында аларды текшерет.
Текшерүүнүн жүрүшүндө орган аккредитациялоо жана арыз ээси иштеген сертификациялоо боюнча органдын ишинин натыйжалары, сертификациялоо боюнча ошол органга карата контролдук (көзөмөлдүк) иш-чаралардын натыйжалары жөнүндө өзүндө болгон маалыматтарды да эске алат.
21. Арыз ээси негизги талаптарга шайкеш келбегендиги жана (же) арызда берилген маалыматтын, ошондой эле ага тиркелген документтердин анык эместиги аныкталган учурда, орган арыз ээсин сертификациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде сертификациялоодон баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз ээсине кабарлайт.
22. Квалификациялык экзамен компетенттүүлүктү баалоодо калыстыкты камсыз кылуу жана сертификациялоо схемасына кат жүзүндө, оозеки, практикалык, байкоочу же башка ишенимдүү объективдүү ыкма менен шайкеш келүү максатында сертификациялоонун ар бир тармагы боюнча тышкы адистерди тартуу менен комиссиялык түрдө өткөрүлүүгө тийиш.
Экзамендик тапшырмалардын мазмунуна карата талаптар ар бир экзамендин жыйынтыктарынын мазмуну жана татаалдыгы боюнча салыштырмалуулугун, анын ичинде экзамендерди тапшыруу/тапшырбоо жөнүндө кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгүн кепилдөөгө тийиш.
23. Сертификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу сертификациялоо процессинде алынган маалыматтын негизинде орган тарабынан жүзөгө ашырылат жана купуя болуп саналат. Сертификациялоо боюнча чечим кабыл алуучу органдын персоналы арыз ээсин баалоого же даярдоого катышпоого тийиш. Сертификациялоо боюнча чечим кабыл алуучу органдын персоналы бардык сертификациялоо талаптарынын сакталышын аныктоо үчүн сертификациялоо процесси боюнча жетиштүү тажрыйбага жана билимге ээ болушу керек.
24. Сертификациялоо боюнча оң чечим кабыл алынганда орган эки жумуш күндүн ичинде дайындалган жооптуу адам тарабынан кол коюлган жана төмөнкүдөй маалыматтарды камтыган эксперттин компетенттүүлүк сертификаттарын тариздейт:
1) сертификацияланган эксперттин фамилиясы, аты, атасынын аты;
2) уникалдуу идентификация;
3) сертификациялоо боюнча органдын аталышы;
4) сертификациялоо тармагы, анын ичинде колдонуу шарттары жана чектөөлөрү (зарыл болгон учурда);
5) эксперттин компетенттүүлүк сертификатын колдонууга киргизүү жана колдонуу мөөнөтү аяктаган даталар.
25. Орган эксперттин компетенттүүлүк сертификатына кол коюлган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде арыз ээсине кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлайт, ошондой эле сертификациялоо боюнча эксперт жөнүндө маалыматтарды жана документтерди органдын сертификациялоо боюнча эксперттеринин реестрине киргизүүнү камсыз кылат жана сертификациялоо боюнча эксперттердин бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн аларды КАБга берет.
26. Сертификациялоо боюнча эксперт сертификациялоонун ырасталган тармагынын алкагында эксперттин компетенттүүлүк сертификаты колдонулган мезгилде сертификациялоо боюнча эксперттердин бирдиктүү реестрине маалыматтар жана документтер киргизилген датадан тартып өз ишин жүзөгө ашырат (шайкештикти ырастоо боюнча ишке катышат).
27. Терс чечим кабыл алынган учурда орган бул жөнүндө арыз ээсине бир жумуш күндүн ичинде кабарлайт.
Органга сертификациялоо боюнча экспертти ошол эле сертификациялоо тармагында сертификациялоого кайра арыз берүү арыз ээси тарабынан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки айдан эрте эмес берилиши мүмкүн.
28. Эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонуу мөөнөтү 3 жыл. Талаптарга туруктуу шайкештикти ырастоо үчүн сертификациялоо боюнча эксперт сертификаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 2 айдан кечиктирбестен кайра сертификациялоодон өтөт.
Орган сертификацияланган персоналдын компетенттүүлүгүнө жана алардын тиешелүү сертификациялоо схемасынын талаптарын дайыма сактоосуна кепилдик бериши керек.
Кайра сертификациялоо төмөнкү аспекттерге негизделиши керек:
- ченемдик талаптар;
- ченемдик документтердеги өзгөрүүлөр;
- тиешелүү схемалардын талаптарындагы өзгөрүүлөр;
- сертификацияланган персонал иштеген индустриянын же тармактын абалы жана өнүгүү деңгээли;
- компетенттүү эмес адистин иши менен байланышкан тобокелдиктер;
- технологияда жана сертификацияланган персоналга карата талаптарда болгон өзгөрүүлөр;
- кызыкдар тараптардын талаптары;
- сертификациялоо схемасына ылайык талап кылынса, инспекциялык контролдун мезгилдүүлүгү жана натыйжалары.
29. Белгиленген кайра сертификациялоо процесси сертификацияланган персоналдын компетенттүүлүгүн ырастоо максатында калыс баалоону камсыз кылуу үчүн жетиштүү болушу керек.
Сертификациялоо схемасына ылайык кайра сертификациялоо төмөнкүдөй аракеттерди карайт:
- жеринде баалоо;
- квалификацияны жогорулатуу;
- аңгемелешүү;
- канааттандырарлык ишти жана иш тажрыйбасы жөнүндө жазууларды ырастоо;
- экзамен;
- компетенттүү кызыкдар тараптардын физикалык жөндөмдүүлүктөрүн текшерүү (зарылдыгына жараша).
Ошол эле учурда кайра сертификациялоо арызына ушул Талаптардын 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, сертификациялоо боюнча эксперттин шайкештикти баалоо жаатында, анын ичинде продукциянын шайкештигин ырастоо эрежелери жана жол-жоболору бөлүгүндө квалификациясын жогорулатууну өткөндүгүн ырастаган, арыз берилген датадан бир жылдан кечиктирбестен алынган документтер тиркелүүгө тийиш.
Орган ар кандай тармактарда өзүнүн компетенттүүлүгүн ырастаган жана эксперттин компетенттүүлүк сертификатын алган эксперттерге карата эксперттин компетенттүүлүк сертификатын колдонуунун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде инспекциялык контроль жүргүзөт.
Инспекциялык контроль эксперттин компетенттүүлүгүн ырастоонун ар бир багыты боюнча учурдагы жыл үчүн жүргүзүлгөн иштер жөнүндө орган тарабынан белгиленген отчетту берүү формасында жылына бир жолудан ашык эмес жүргүзүлөт.
Инспекциялык контролдоонун натыйжалары боюнча компетенттүүлүк сертификатын колдонууну токтото туруу же жокко чыгаруу жөнүндө маалымат сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) реестринде көрсөтүлөт жана орган тарабынан (себебин көрсөтүү менен расмий кат менен) арыз ээсине, иш берүүчүгө, Аккредитациялоо боюнча улуттук органга маалымдалат. Компетенттүүлүк сертификатын колдонууну жокко чыгаруу датасы болуп орган жүргүзгөн реестрден аны чыгарган дата эсептелет.
30. Сертификациялоо боюнча экспертти сертификациялоо тармагы:
1) экспертти алгачкы сертификациялоо үчүн белгиленген тартипте кеңейтилет;
2) эксперттин компетенттүүлүк сертификатын берген органга сертификациялоо боюнча экспертти сертификациялоо тармагын кыскартуу жөнүндө арыздын негизинде кыскартылат.
31. Орган өзүнүн реестрине сертификацияланган эксперттерди киргизүүнү камсыз кылат жана ушул Талаптардын 30-пунктунда көрсөтүлгөн арыз келип түшкөн күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде сертификациялоо боюнча эксперттин сертификациялоо тармагын кыскартуу жөнүндө маалыматтарды КАБдын бирдиктүү реестрине берет.
32. Сертификациялоо боюнча эксперт тарабынан продукциянын шайкештигин ырастоо эрежелерин жана жол-жоболорун бузуу фактылары аныкталган учурда орган мындай фактылар аныкталган датадан тартып эки жумуш күндүн ичинде сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат жана тиешелүү маалыматтарды өзүнүн сертификацияланган эксперттер реестрине киргизет жана аларды КАБдын бирдиктүү реестрине берет.
33. Орган сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын колдонууну токтото туруу жөнүндө кабыл алынган чечим тууралуу тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде сертификациялоо боюнча экспертке кабарлайт.
34. Сертификациялоо боюнча эксперт ушул Талаптардын 33-пунктунда көрсөтүлгөн чечимди алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде органга сертификациялоо боюнча экспертке кезексиз баалоо жүргүзүү жөнүндө арызды же сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын колдонууну токтотуу жөнүндө арызды жиберет.
35. Сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонууну кайра улантуу жөнүндө чечимди орган сертификациялоо боюнча эксперттин кезексиз баалоодон өтүшүнүн натыйжалары боюнча кабыл алат жана тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде сертификациялоо боюнча экспертке кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлайт, тиешелүү маалыматтарды өзүнүн сертификацияланган эксперттер реестрине киргизет жана аларды КАБдын бирдиктүү реестрине берет.
36. Сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын колдонууну токтотуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн ушул Талаптарда белгиленген тартипте ырастабоо;
2) сертификациялоо боюнча эксперттин инспекциялык контролдон (эгерде сертификациялоо схемасында талап кылынса) же кезексиз баалоодон өтүүдөн баш тартуусу же четтөөсү;
3) сертификациялоо боюнча эксперт тарабынан ушул Талаптардын 34-пунктунда каралган талаптар аткарылбаса;
4) бир жылдын ичинде сертификациялоо боюнча эксперттин шайкештикти ырастоо боюнча иштерди аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтардын болушу, ошондой эле сертификациялоо боюнча эксперт кол койгон документтер жөнүндө маалыматтардын бир жылдын ичинде жоктугу;
5) эгерде бул талаптарга шайкеш келүү сертификациялоо боюнча эксперт тарабынан белгиленген мөөнөттө ырасталбаса, сертификациялоо боюнча эксперттерге талаптардын өзгөрүшү;
6) сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн баалоого жана ырастоого чейинки эки жылдын ичинде сертификациялоо боюнча эксперт кол койгон эки жана андан ашык шайкештик сертификаттарынын же шайкештик жөнүндө ал тарабынан катталган декларациялардын бар экендиги/жараксыз деп таануу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы;
7) органга сертификациялоо боюнча эксперттен сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын колдонууну токтотуу жөнүндө арыздын келип түшүшү, ал эркин формада түзүлөт жана электрондук же кагаз түрүндө жиберилет;
8) сертификациялоо боюнча эксперт тарабынан органга билип туруп жалган документтерди жана маалыматтарды берүү фактысы аныкталганда.
37. Орган сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын колдонууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде ага кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлайт, тиешелүү маалыматтарды өзүнүн сертификацияланган эксперттер реестрине киргизет жана аларды КАБдын бирдиктүү реестрине берет.
5-глава. Сертификациялоо боюнча эксперттердин бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби
38. КАБдын кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон, коммерциялык, мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды түзгөн маалыматтардын сакталышын камсыз кылат жана бул маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
39. Бирдиктүү реестрге киргизүү үчүн орган тарабынан берилген маалыматтар жана документтер алар келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде киргизилет.
Бирдиктүү реестрдеги сертификациялоо боюнча эксперт жөнүндө жазуу төмөнкүдөй маалыматтарды жана документтерди камтыйт:
- фамилиясы, аты жана атасынын аты (бар болсо), ким экендигин ырастаган документтеги маалыматтар, телефондун (телефондордун) номери (номерлери) жана электрондук почтанын дареги (даректери);
- сертификациялоо боюнча эксперттин баалоосунун натыйжалары менен ырасталган, сертификациялоо объекттеринин аталышын жана шайкештикти ырастоо объекттерине талаптарды белгилөөчү техникалык регламенттер жана (же) стандартташтыруу боюнча документтер жөнүндө маалыматтарды камтыган сертификациялоо тармагы;
- сертификациялоо боюнча экспертти баалоо жөнүндө маалыматтар;
- ушул Талаптардын 7-пунктунда көрсөтүлгөн билимдин бар экендиги жөнүндө маалыматтар;
- продукцияны милдеттүү түрдө сертификациялоо эрежелери жана жол-жоболору бөлүгүндө сертификациялоо боюнча экспертти сертификациялоо тармагына тиешелүү жана ушул Талаптарда каралган кошумча билим алгандыгы (квалификациясын жогорулатуу) жөнүндө маалыматтар;
- билдирилген сертификациялоо тармагында иш тажрыйбасы бар экендигин ырастаган эмгек китепчесинен жана (же) эмгек келишиминен маалыматтар (жазуулар);
- сертификациялоо боюнча эксперттин шайкештикти ырастоо жаатындагы практикалык тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар;
- кызматкери сертификациялоо боюнча эксперт болуп саналган сертификациялоо боюнча органдын аталышы жана аккредитациялоо боюнча улуттук органдын шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдарынын реестриндеги аккредитациялоо жөнүндө жазуусунун уникалдуу идентификациялык номери (бар болсо);
- сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын токтото туруу, кайра улантуу жана токтотуу жөнүндө маалыматтар (бар болсо);
- автоматтык режимде түзүлүүчү сертификациялоо боюнча эксперт жөнүндө жазуунун уникалдуу идентификациялык номери;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган сертификациялоо боюнча бир органдын штатында сертификациялоо боюнча эксперттин ишин жүзөгө ашыруусу жөнүндө маалыматтар;
- шайкештикти ырастоо чөйрөсүндө эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды каттоо жөнүндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген документ жөнүндө маалыматтар.
40. Бирдиктүү реестрде камтылган маалыматтарга жана документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү КАБга төмөнкүдөй маалыматтар жана документтер келип түшкөндө жүзөгө ашырылат:
1) сертификациялоо боюнча эксперттин кайра сертификациялоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар;
2) сертификациялоо боюнча эксперттин сертификациялоо тармагын кеңейтүү же кыскартуу жөнүндө маалыматтар;
3) сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын токтото туруу, кайра жаңыртуу же токтотуу жөнүндө маалыматтар;
4) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документти тиркөө менен сертификациялоо боюнча эксперттин жеке маалыматтарынын өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтар;
5) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документти тиркөө менен сертификациялоо боюнча эксперттин иштеген жери өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтар, анын ичинде улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган сертификациялоо боюнча орган менен сертификациялоо боюнча эксперттин эмгектик мамилеси токтотулган учурда.
41. Бирдиктүү реестрде сертификациялоо боюнча эксперт жөнүндө жазууларга төмөнкүдөй статустар ыйгарылат:
1) "колдонулат" - компетенттүүлүгүн ырастаган сертификациялоо боюнча экспертке карата бирдиктүү реестрге сертификациялоо боюнча эксперт жөнүндө жазуу киргизилген, бирдиктүү реестрге сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын кайра жаңыртуу жөнүндө маалыматтар киргизилген учурдан тартып сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын токтото туруу же токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилген учурга чейин колдонулат;
2) "токтотулуп турат" - бирдиктүү реестрге сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын токтото туруу жөнүндө маалыматтар киргизилген учурдан тартып сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын кайра жаңыртуу же сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилгенге чейин колдонулат;
3) "токтотулду" - бирдиктүү реестрге сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилген учурдан тартып сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн ырастоо жөнүндө маалыматтар киргизилгенге же сертификациялоо боюнча эксперт жөнүндө жазуу бирдиктүү реестрдин архивдик бөлүгүнө которулганга чейин колдонулат.
42. Ушул Талаптардын 39-пунктунда көрсөтүлгөн сертификациялоо боюнча эксперттер жөнүндө маалыматтарды берүү КАБ тарабынан аларды өзүнүн расмий сайтына жарыялоо аркылуу, ошондой эле кызыкдар жактардын суроо-талабы боюнча электрондук көчүрмө аркылуу жүзөгө ашырылат.