| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 107 токтому менен бекитилди) |
Сертификациялоо боюнча эксперттерге
(эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин
(эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга
талаптар, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо,
сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун)
бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптар, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби (мындан ары - Талаптар) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык иштелип чыккан жана сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин компетенттүүлүгүн ырастоочу органга карата талаптарды, улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган сертификациялоо боюнча орган (мындан ары - сертификациялоо боюнча орган) тарабынан аткарылуучу шайкештикти ырастоо боюнча иштерге катышкан сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин бирдиктүү реестрин (мындан ары - бирдиктүү реестр) түзүү жана жүргүзүү тартибин белгилейт.
2. Ушул Талаптарда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер:
1) орган - сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн ырастаган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору;
2) сертификациялоо боюнча эксперт (эксперт-аудитор) (мындан ары - сертификациялоо боюнча эксперт) - белгилүү бир чөйрөдө продукциянын шайкештигин ырастоо компетенциясына ээ болгон жана продукцияны сертификациялоо боюнча органда продукциянын шайкештигин ырастоо боюнча ишти жүзөгө ашырган жеке жак;
3) персоналды сертификациялоо схемасы - компетенттүүлүк жана адистердин айрым категорияларына тиешелүү башка талаптар;
4) сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестри - аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан түзүлүүчү сертификациялоо боюнча эксперттер (эксперт-аудиторлор) жөнүндө маалыматтарды камтыган мамлекеттик маалыматтык ресурс.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Сертификациялоо боюнча эксперттерге жалпы талаптар
3. Сертификациялоо боюнча эксперт төмөнкүдөй негизги талаптарга жооп бериши керек:
1) иштин тиешелүү чөйрөсүндө жогорку кесиптик билими жана/же билдирилген сертификациялоо тармагы боюнча инженердик-техникалык билими же адистиги жана/же даярдоо багыты боюнча кошумча кесиптик билими же шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө сертификациялоо боюнча экспертти тиешелүү сертификациялоо тармагындагы илимий адистик боюнча окумуштуулук даражасы болууга;
2) сертификациялоо боюнча улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган органдарда продукциянын шайкештигин милдеттүү ырастоо боюнча билдирилген сертификациялоо тармагында сертификациялоо боюнча адистин - эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасына ээ болууга;
3) шайкештикти баалоо жаатында, анын ичинде шайкештикти милдеттүү ырастоону жүргүзүү жаатында колдонуудагы ченемдик укуктук документтерге өзгөртүүлөр киргизилгенде же колдонууга киргизилген учурда сертификациялоо боюнча эксперттин сертификациялоо тармагында продукциянын шайкештигин ырастоо эрежелери жана жол-жоболору бөлүгүндө квалификацияны жогорулатуу, бирок 3 жылда бир жолудан кем эмес.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Сертификациялоо боюнча эксперттерге атайын талаптар
4) Сертификациялоо боюнча эксперт төмөнкүлөр боюнча жалпы билимге ээ болушу керек:
- техникалык жөнгө салуу жана метрология чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле техникалык жөнгө салуу, анын ичинде шайкештикти баалоо жана аккредитациялоо жаатында Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн эл аралык келишимдер жана актылар;
- шайкештикти баалоо жаатындагы терминдер жана аныктамалар;
- кесиптик этиканын эрежелери.
Эскертүү:
Мамлекеттик тилдеги ушул тартибинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 107 токтому менен бекитилген, расмий тилден пункттардын жана пунктчалардын номерленишинде айырмачылыктар бар
5. Сертификациялоо боюнча эксперт билдирилген сертификациялоо тармагы боюнча шайкештикти милдеттүү ырастоо боюнча иштерди жүргүзүү жаатында төмөнкүдөй атайын билимге ээ болушу керек:
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүгө талаптарды белгилеген, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзгөн актылардын жоболору;
- техникалык регламенттердин, стандартташтыруу боюнча документтердин жана сертификациялоо боюнча экспертти сертификациялоо тармагына киргизилген шайкештикти ырастоо объекттерине талаптарды белгилөөчү башка документтердин талаптары.
- процесске жана продукцияны өндүрүүнү уюштурууга карата талаптар; продукцияны сыноонун түрлөрү; сыноолордун жана өлчөөлөрдүн методдору (методикалары); чийки заттарды, материалдарды, комплектөөчү буюмдарды киргизүү контролун, өндүрүш процессинде продукцияны жана даяр продукцияны контролдоону уюштуруу; продукцияны өндүрүүнү метрологиялык камсыз кылуунун негиздери; продукциянын сапатын жана ишенимдүүлүгүн баалоонун статистикалык методдору; продукцияны маркалоого талаптар.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Сертификациялоо боюнча эксперт төмөнкүдөй атайын көндүмдөргө ээ болууга тийиш:
- продукцияны идентификациялоо;
- изилдөөлөр (сыноолор) жана өлчөөлөр үчүн үлгүлөрдү тандоо;
- изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн натыйжаларын талдоо жана баалоо;
- өндүрүштүн абалын талдоо;
- сертификациялоонун жыйынтыгы боюнча документтерди тариздөө;
- сертификацияланган продукцияны инспекциялык контролдоо боюнча иштерди жүргүзүү.
- шайкештикти ырастоо жол-жоболорун аткаруу жана Кыргыз Республикасынын шайкештикти ырастоо тартибинде белгиленген баалоо (аудит) методдору;
- ишти натыйжалуу пландоо жана уюштуруу;
- белгиленген убакыттын ичинде жана макулдашылган баалоо (аудит) планынын алкагында иштин багытына жараша убакыт ченемдерин сактоо менен баалоо (аудит) жүргүзүү;
- байкоолорду жана баалоонун (аудиттин) корутундуларын негиздөө үчүн баалоо (аудит) критерийлеринин жетиштүүлүгүн жана алгылыктуулугун ырастоо;
- баалоо (аудит) күбөлүгүн документтештирүү, тиешелүү отчетторду даярдоо жана баалоо (аудит) боюнча натыйжаларды тариздөө.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Продукцияны, персоналды, процесстерди, менеджмент системаларын сертификациялоо боюнча эксперттердин компетенттүүлүгүн ырастоого талапкер болгон жеке жактар (мындан ары - арыз ээси) төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
- иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү жогорку кесиптик билимге жана/же билдирилген сертификациялоо тармагына ылайык келген инженердик-техникалык билимге;
- адистиги боюнча үч жылдан кем эмес иш стажына, анын ичинде эки жылдан кем эмес иш стажы - билдирилген сертификациялоо тармагында сертификациялоо боюнча адис катары же билдирилген сертификациялоо тармагында беш жылдан кем эмес иш стажына;
- "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору" мекемесинде билдирилген сертификациялоо тармагында продукциянын шайкештигин ырастоо боюнча сексен академиялык сааттан кем эмес узактыктагы курстарда окууга (оффлайн режиминде);
- сертификациялоо боюнча аккредитацияланган органда бул тармакта үч жылдан кем эмес иштеген сертификацияланган эксперттин жетекчилиги алдында билдирилген сертификациялоо тармагындагы практикалык даярдыктан (стажировкадан) өтүүгө.
Кыргыз Республикасында сертификациялоонун жаңы тармактары боюнча даярдоо, кайра даярдоо боюнча курстардан өтүү үчүн шарттар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынан тышкары кырк академиялык сааттан кем эмес көлөмдөгү курстардан өтүүгө (оффлайн режиминде) жол берилет. Мында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтындагы же байланыш маалыматтары менен билим берүү мекемесинин сайтындагы реестрге шилтеме берүү аркылуу, ырастоочу документтерди тиркөө менен (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен лицензиянын көчүрмөсү) курстан өткөндүгү жөнүндө берилген документти ырастаган билим берүү мекемесинин катын берүү зарыл.
Эгерде арыз ээсинин билими билдирилген сертификациялоо тармагына ылайык келбесе, адистик жана/же тиешелүү багыт боюнча кошумча жогорку кесиптик билими (оффлайн режиминде) жана билдирилген сертификациялоо жаатында сертификациялоо боюнча адистин үч жылдан кем эмес иш стажы болушу зарыл.
Кыргыз Республикасында билдирилген сертификациялоо тармагында сертификациялоо боюнча органдар жок болгон учурда бул тармакта беш жылдан кем эмес иш стажына жол берилет.
Арыз ээси жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген учурда орган квалификациялык экзаменден өтүүгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде арыз ээсине кабарлайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Сертификациялоо боюнча эксперттердин
компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптар
8. Орган сертификациялоонун ар бир конкреттүү тармагына персоналды сертификациялоонун схемасын иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш. Персоналды сертификациялоо схемасы жок дегенде төмөнкү элементтерди камтууга тийиш:
- сертификациялоо тармагын;
- иштин жана милдеттердин баяндалышын;
- талап кылынган компетенцияны, анын ичинде мамлекеттик тилде шайкештикти ырастоо боюнча ишти жүргүзүү жөндөмдүүлүгүн;
- зарыл шарттарды (зарылдыгына жараша);
- кесиптик этиканын кодексин.
Персоналды сертификациялоо схемасы сертификациялоо процессинин төмөнкү талаптарын камтууга тийиш:
- баштапкы жана кайра сертификациялоо критерийлерин;
- баштапкы жана кайра сертификациялоодо баалоо методдорун;
- байкоо жүргүзүү методдорун жана критерийлерин (зарылдыгына жараша);
- сертификатты токтото туруу жана жокко чыгаруу критерийлерин;
- сертификациялоо тармагын же деңгээлин өзгөртүү критерийлерин (зарылдыгына жараша).
Персоналды сертификациялоо схемалары сертификациялоо боюнча эксперттердин бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору (мындан ары - КАБ) менен макулдашылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Орган персоналды сертификациялоонун ар бир схемасына ылайык келген персоналды сертификациялоо процессин, анын ичинде персоналды сертификациялоонун кайра сертификациялоо процессин белгилеген, сертификациялоо боюнча талаптарды, арыз ээлеринин укуктарын, баалоо процессинин баяндалышын жана сертификацияланган персоналдын милдеттерин, зарыл болгон учурда сертификацияланган персоналдын жүрүм-турум эрежелерин камтыган, сертификациялоо схемасынын талаптарына ылайык кайра сертификациялоо процессин аткаруу боюнча сертификациялоо боюнча органдын ырааттуу аракеттерин белгилөөчү компетенттүүлүк сертификатын токтото туруу же жокко чыгаруу же сертификациялоо тармагын кыскартуу боюнча документтерди иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш.
10. Арыз ээсин баалоодо орган сертификациялоо схемасына ылайык баалоонун конкреттүү методдорун жана критерийлерин пайдаланууга тийиш. Баалоо арыз ээсинин компетенттүүлүгүн ырастоо үчүн схеманын талаптарын документтелген далилдер менен объективдүү жана системалуу түрдө текшерүүгө кепилдик бергендей пландалууга жана түзүлүүгө тийиш.
Сертификациялоо боюнча эксперттердин компетенттүүлүгүн ырастоо боюнча орган адистерди даярдоону (кайра даярдоону) жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашыруучу уюмдардын ишинен көз карандысыз болууга тийиш, башкача айтканда окутуучу экзамен алуучу же анда окуган конкреттүү талапкерди сертификациялоо боюнча чечим кабыл алуучу адам катары чыга албайт.
5. Сертификациялоо боюнча эксперттердин
(эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоо тартиби
11. Орган сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн жеке жактардын сертификациялоо боюнча эксперттердин негизги жана атайын талаптарына ылайык келиши боюнча ырастайт.
Орган өз персоналынын: сертификациялоо боюнча адистердин жана эксперттердин аккредитациялоо тармагына жана ушул Талаптарга ылайык компетенттүүлүгүн ырастоону да жүргүзөт.
12. Сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн ырастоо (мындан ары - сертификациялоо) үчүн арыз ээси органга төмөнкү маалыматтарды камтыган арыз жиберет:
1) фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо);
2) арыз ээсинин жашаган дареги, телефон номери жана электрондук почтасынын дареги;
3) инсандыгын ырастоочу документтеги маалыматтар;
4) сертификациялоо объекттеринин аталыштарын жана аларга талаптарды белгилөөчү документтер жөнүндө маалыматтарды камтыган сертификациялоо боюнча эксперттин билдирилген сертификациялоо тармагы (продукциянын бир түрдүү түрлөрү боюнча 3төн ашык эмес техникалык регламенттер), (мындан ары - сертификациялоо тармагы);
5) арыз ээси кызматкери болуп саналган сертификациялоо боюнча органдын аталышы, аккредитацияланган органдардын реестриндеги жазуунун номери (бар болсо);
6) арызды тариздөө датасы.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кагаз жана/же электрондук түрдө арызга төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:
1) арыз ээсинин иштин тиешелүү чөйрөсүндө жогорку кесиптик билими жана/же билдирилген сертификациялоо тармагы боюнча инженердик-техникалык билими же адистиги жана/же даярдоо багыты боюнча кошумча кесиптик билими же шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө сертификациялоо боюнча экспертти тиешелүү сертификациялоо тармагындагы илимий адистик боюнча окумуштуулук даражасы болууга;
2) арыз ээсинин шайкештикти баалоо жаатында кошумча кесиптик билимин (квалификациясын жогорулатуу) алгандыгын, анын ичинде продукциянын шайкештик жаатындагы, сертификациялоо боюнча эксперттин сертификациялоо тармагындагы кесиптик билимин (квалификациясын жогорулатууну) ырастоо эрежелери жана жол-жоболору бөлүгүндө, арыз берилген датага чейин үч жылдан кечиктирбестен алынгандыгын ырастаган документтер;
3) арыз ээсинде мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарды пайдалануу менен байланышкан шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүгө уруксаттын бар экендигин ырастаган документтер (зарылдыгына жараша);
4) билдирилген сертификациялоо тармагында иш тажрыйбасынын бар экендигин ырастаган эмгек китепчеси;
5) квалификациялоо сертификаты (зарылдыгына жараша);
6) шайкештикти ырастоо чөйрөсүндө эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды каттоо жөнүндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген документ.
7) "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификаты (А2 деңгээлинен төмөн эмес);
8) "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору" мекемеси тарабынан берилген шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө сертификациялоо боюнча экспертти тиешелүү сертификациялоо тармагында окугандыгы жөнүндө күбөлүк.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Ушул Талаптардын 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин көчүрмөлөрү нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн түрдө берилет.
Арызга жана ага тиркелген документтерге кагаз жана электрондук түрдө арыз ээсинин электрондук санариптик колтамгасы коюлат. Арыз ээси укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте органга берилген сертификациялоого талапкерлер жөнүндө билип туруп анык эмес документтерди жана маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Өзгөртүүлөр кийин киргизилген учурларды кошпогондо, Ушул Талаптардын 13-пунктунда көрсөтүлгөн, мурда белгиленген тартипте органга киргизилген документтер арызга тиркелбейт.
16. Арызда ушул Талаптардын 12-пунктунда каралган маалыматтар жок болсо же ушул Талаптардын 13-пунктунда каралган документтер берилбесе (ушул Талаптардын 15-пунктунда каралган учурлардан тышкары), орган арыз жана ага тиркелген документтер келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде аларды кароосуз арыз ээсине кайтарып берет жана кароодон баш тартуунун себеби жөнүндө кабарлайт.
17. Эгерде арыз органга келип түшкөн учурда ошол эле арыз ээсинин арызы каралып жаткан болсо:
- сертификациялоонун бир эле тармагына карата - жаңыдан келип түшкөн арыз жана ага тиркелген документтер келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде кароосуз кайтарылып берилет;
- сертификациялоонун башка тармагына карата - билдирилген тармактар боюнча арыз ээсин сертификациялоо ар бир арыз боюнча ар кандай квалификациялык экзамендерди өткөрүүнүн алкагында ишке ашырылат.
18. Орган арыз жана ага тиркелген документтер келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде арыз ээсинин ушул Талаптардын 2-главасында белгиленген негизги талаптарга шайкештигин ырастоо максатында аларды текшерүүнү жүзөгө ашырат.
Текшерүүнүн жүрүшүндө орган аккредитациялоо жана арыз ээси иштеген сертификациялоо боюнча органдын ишинин натыйжалары, сертификациялоо боюнча ошол органга карата контролдук (көзөмөлдүк) иш-чаралардын натыйжалары жөнүндө өзүндө болгон маалыматтарды да эске алат.
19. Арыз ээси негизги талаптарга ылайык келбегендиги жана (же) арызда берилген маалыматтын, ошондой эле ага тиркелүүчү документтердин анык эместиги аныкталган учурда орган арыз ээсин сертификациялоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат, мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде сертификациялоодон баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз ээсине кабарлайт.
20. Квалификациялык экзамен компетенттүүлүктү баалоодо калыстыкты камсыз кылуу жана сертификациялоо схемасына кат жүзүндө, оозеки, практикалык, байкоочу же башка ишенимдүү объективдүү ыкма менен ылайык келүү максатында сертификациялоонун ар бир тармагы боюнча тышкы адистерди тартуу менен комиссиялык түрдө өткөрүлүүгө тийиш.
Экзамендик тапшырмалардын мазмунуна карата талаптар ар бир экзамендин жыйынтыктарынын мазмуну жана татаалдыгы боюнча салыштырмалуулугун, анын ичинде экзамендерди тапшыруу/тапшырбоо жөнүндө кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгүн кепилдөөгө тийиш.
21. Сертификациялоо боюнча чечимди кабыл алуу сертификациялоо процессинде алынган маалыматтын негизинде орган тарабынан жүзөгө ашырылат жана жашыруун болуп саналат. Сертификациялоо боюнча чечим кабыл алуучу органдын персоналы арыз ээсин баалоого же даярдоого катышпоого тийиш. Сертификациялоо боюнча чечим кабыл алуучу органдын кызматкерлери бардык сертификациялоо талаптарынын аткарылышын аныктоо үчүн сертификациялоо процесси боюнча жетиштүү тажрыйбага жана билимге ээ болушу керек.
22. Сертификациялоо боюнча оң чечим кабыл алынганда эки күндүн ичинде орган дайындалган жооптуу адам тарабынан кол коюлган жана төмөнкү маалыматтарды камтыган эксперттин компетенттүүлүк сертификаттарын тариздейт:
- сертификацияланган эксперттин фамилиясы, аты, атасынын аты;
- уникалдуу идентификация;
- сертификациялоо боюнча органдын аталышы;
- сертификациялоо тармагы, анын ичинде колдонуу шарттары жана чектөөлөрү (зарыл болгон учурда);
- эксперттин компетенттүүлүк сертификатын колдонууга киргизүү жана колдонуу мөөнөтү аяктаган даталар.
23. Орган эксперттин компетенттүүлүк сертификатына кол коюлган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде арыз ээсине кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлайт, ошондой эле сертификациялоо боюнча эксперт жөнүндө маалыматтарды жана документтерди органдын сертификациялоо боюнча эксперттеринин реестрине киргизүүнү камсыз кылат жана сертификациялоо боюнча эксперттердин бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн аларды КАБга берет.
24. Сертификациялоо боюнча эксперт сертификациялоонун ырасталган тармагынын алкагында эксперттин компетенттүүлүк сертификаты колдонулган мезгилде сертификациялоо боюнча эксперттердин бирдиктүү реестрине маалыматтар жана документтер киргизилген күндөн тартып өз ишин жүзөгө ашырат (шайкештикти ырастоо боюнча ишке катышат).
25. Терс чечим кабыл алынган учурда орган бул жөнүндө арыз ээсине бир жумуш күндүн ичинде кабарлайт.
Органга сертификациялоо боюнча экспертти ошол эле сертификациялоо тармагында сертификациялоого кайра арыз берүү арыз ээси тарабынан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки айдан эрте эмес берилиши мүмкүн.
26. Сертификаттын жарактуулук мөөнөтү 3 жыл. Талаптарга туруктуу шайкештикти ырастоо үчүн сертификациялоо боюнча эксперт сертификаттын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин 2 айдан кечиктирбестен кийинки сертификациялоодон өтөт.
Орган сертификацияланган персоналдын компетенттүүлүгүнө жана алардын тиешелүү сертификациялоо схемасынын талаптарын дайыма сактоосуна кепилдик бериши керек.
Кайра сертификациялоо төмөнкү аспекттерге негизделиши керек:
- ченемдик талаптар;
- ченемдик документтердеги өзгөрүүлөр;
- тиешелүү схемалардын талаптарын өзгөртүү;
- сертификацияланган персонал иштеген индустриянын же тармактын абалы жана өнүгүү деңгээли;
- компетентсиз адистин иши менен байланышкан тобокелдиктер;
- технологиядагы өзгөрүүлөр жана сертификацияланган персоналга карата талаптар;
- кызыкдар тараптардын талаптары;
- сертификациялоо схемасына ылайык талап кылынса инспекциялык контролдун мезгилдүүлүгү жана натыйжалары.
Белгиленген кайра сертификациялоо процесси сертификацияланган персоналдын компетенттүүлүгүн ырастоо максатында калыс баалоону камсыз кылуу үчүн жетиштүү болушу керек.
Сертификациялоо схемасына ылайык кайра сертификациялоо төмөнкү аракеттерди камтыйт:
- жеринде баалоо;
- квалификацияны жогорулатуу;
- аңгемелешүү;
- канааттандырарлык иштин жана иш тажрыйбасынын жазууларынын далили;
- экзамен;
- компетенттүү кызыкдар тараптардын физикалык жөндөмдүүлүктөрүн текшерүү (зарылдыгына жараша).
Ошол эле учурда кайра сертификациялоо арызына ушул Талаптардын 13-пунктунда көрсөтүлгөн документтерден тышкары, сертификациялоо боюнча эксперттин шайкештикти баалоо жаатында, анын ичинде продукциянын шайкештигин ырастоо эрежелери жана жол-жоболору бөлүгүндө квалификациясын жогорулатууну өткөндүгүн ырастаган, арыз берилген датадан бир жылдан кечиктирбестен алынган документтер тиркелүүгө тийиш.
27. Сертификациялоо боюнча эксперттин сертификациялоо тармагы:
- экспертти алгачкы сертификациялоо үчүн белгиленген тартипте кеңейтилет;
- эксперттин компетенттүүлүк сертификатын берген органга сертификациялоо боюнча эксперттин сертификациялоо тармагын кыскартуу жөнүндө арыздын негизинде кыскартылат.
28. Орган өзүнүн реестрине сертификацияланган эксперттерди киргизүүнү камсыз кылат жана ушул Талаптардын 27-пунктунда көрсөтүлгөн арыз келип түшкөн күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде сертификациялоо боюнча эксперттин сертификациялоо тармагын кыскартуу жөнүндө маалыматтарды КАБдын бирдиктүү реестрине берет.
29. Сертификациялоо боюнча эксперт тарабынан продукциянын шайкештигин ырастоо эрежелерин жана жол-жоболорун бузуу фактылары аныкталган учурда орган мындай фактылар табылган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат жана тиешелүү маалыматтарды өзүнүн сертификацияланган эксперттеринин реестрине киргизет жана аларды КАБдын бирдиктүү реестрине өткөрүп берет.
30. Орган сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө кабыл алынган чечим жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде сертификациялоо боюнча экспертке билдирет.
31. Сертификациялоо боюнча эксперт ушул Талаптардын 30-пунктунда көрсөтүлгөн чечимди алган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде органга сертификациялоо боюнча экспертке кезексиз баалоо жүргүзүү жөнүндө арызды же сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонулушун токтотуу жөнүндө арызды жиберет.
32. Сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонулушун жаңыртуу жөнүндө чечимди орган сертификациялоо боюнча эксперттин кезексиз баалоодон өтүшүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алат жана тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде сертификациялоо боюнча экспертке кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлайт, тиешелүү маалыматтарды өзүнүн сертификацияланган эксперттеринин реестрине киргизет жана аларды КАБдын бирдиктүү реестрине берет.
33. Сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын токтотуу үчүн негиз болуп төмөнкүлөр саналат:
1) сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн ушул Тартипте белгиленген тартипте ырастабоо;
2) сертификациялоо боюнча эксперттин инспекциялык контролдон (эгерде сертификациялоо схемасында талап кылынса) же кезексиз баалоодон өтүүдөн баш тартуусу же четтөөсү;
3) сертификациялоо боюнча эксперт тарабынан ушул Талаптардын 31-пунктунда каралган талаптарды аткарбагандыгы;
4) бир жылдын ичинде сертификациялоо боюнча эксперттин шайкештикти ырастоо боюнча иштерди аткарбагандыгы жөнүндө маалыматтардын болушу, ошондой эле сертификациялоо боюнча эксперт кол койгон документтер жөнүндө маалыматтардын бир жылдын ичинде жоктугу;
5) эгерде бул талаптарга ылайык келүү сертификациялоо боюнча эксперт тарабынан белгиленген мөөнөттө ырасталбаса, сертификациялоо боюнча эксперттерге талаптардын өзгөрүшү;
6) сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн баалоого жана ырастоого чейинки эки жылдын ичинде сертификациялоо боюнча эксперт кол койгон эки же андан ашык шайкештик сертификаттарынын же шайкештик жөнүндө ал тарабынан катталган декларациялардын бар экендиги/жараксыз деп табуу жөнүндө чечимдин кабыл алынышы;
7) органга сертификациялоо боюнча эксперттен сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонулушун токтотуу жөнүндө арыздын келип түшүшү, ал эркин формада түзүлөт жана электрондук же кагаз түрүндө жиберилет;
8) сертификациялоо боюнча эксперт тарабынан органга атайылап жалган документтерди жана маалыматтарды берүү фактысы аныкталганда.
34. Орган сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде ага кабыл алынган чечим жөнүндө кабарлайт, тиешелүү маалыматтарды өзүнүн сертификацияланган эксперттеринин реестрине киргизет жана аларды КАБдын бирдиктүү реестрине берет.
6. Сертификациялоо боюнча эксперттердин бирдиктүү
реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби
35. КАБдын кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу аларга белгилүү болгон, коммерциялык, мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтардын сакталышын камсыз кылат жана бул маалыматтарды тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартат.
36. Бирдиктүү реестрге киргизүү үчүн орган тарабынан берилген маалыматтар жана документтер алар келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде киргизилет.
Бирдиктүү реестрдеги сертификациялоо боюнча эксперт жөнүндө жазуу төмөнкү маалыматтарды жана документтерди камтыйт:
1) фамилиясы, аты жана атасынын аты (бар болсо), ким экендигин ырастаган документтеги маалыматтар, телефондун (телефондордун) номери (номерлери) жана электрондук почтанын дареги (даректери);
2) сертификациялоо боюнча эксперттин баалоосунун натыйжалары менен ырасталган, сертификациялоо объекттеринин аталышын жана шайкештикти ырастоо объекттерине талаптарды белгилөөчү техникалык регламенттер жана (же) стандартташтыруу боюнча документтер жөнүндө маалыматтарды камтыган сертификациялоо тармагы;
3) сертификациялоо боюнча эксперттин баалоосу жөнүндө маалыматтар;
4) сертификациялоо тармагына ылайык келген адистиги жана (же) даярдоо багыты жана (же) илимий адистиги боюнча жогорку билими же кошумча кесиптик билими же окумуштуулук даражасы бар экендиги жөнүндө маалыматтар;
5) продукцияны милдеттүү түрдө сертификациялоо эрежелери жана жол-жоболору бөлүгүндө сертификациялоо боюнча экспертти сертификациялоо тармагына тиешелүү жана ушул Талаптарда каралган кошумча кесиптик билими (квалификациясын жогорулатуу) жөнүндө маалыматтар;
6) билдирилген сертификациялоо тармагында иш тажрыйбасы бар экендигин ырастаган эмгек китепчесинен маалыматтар (жазуулар);
7) сертификациялоо боюнча эксперттин шайкештикти ырастоо жаатындагы практикалык тажрыйбасы жөнүндө маалыматтар;
8) кызматкери сертификациялоо боюнча эксперт болуп саналган сертификациялоо боюнча органдын аталышы жана аккредитациялоо боюнча улуттук органдын шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдарынын реестриндеги аккредитациялоо жөнүндө жазуусунун уникалдуу идентификациялык номери (бар болсо);
9) сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын токтото туруу, кайра жаңыртуу жана токтотуу жөнүндө маалыматтар (бар болсо);
10) автоматтык режимде түзүлүүчү сертификациялоо боюнча эксперт жөнүндө жазуунун уникалдуу идентификациялык номери;
11) Кыргыз Республикасынын аймагында катталган сертификациялоо боюнча бир органдын штатында сертификациялоо боюнча эксперттин ишин жүзөгө ашыруусу жөнүндө маалыматтар;
12) шайкештикти ырастоо чөйрөсүндө эмгек ишин жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына келген чет өлкөлүк жарандарды каттоо жөнүндө калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген документ жөнүндө маалымат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомунун редакциясына ылайык)
37. Бирдиктүү реестрде камтылган маалыматтарга жана документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү КАБга төмөнкү маалыматтар жана документтер келип түшкөндө ишке ашырылат:
1) сертификациялоо боюнча эксперттин кайра сертификациялоодон өткөндүгү жөнүндө маалыматтар;
2) сертификациялоо боюнча эксперттин сертификациялоо тармагын кеңейтүү же кыскартуу жөнүндө маалыматтар;
3) сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын токтото туруу, кайра жаңыртуу же токтотуу жөнүндө маалыматтар;
4) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастоочу документти тиркөө менен сертификациялоо боюнча эксперттин жеке маалыматтарынын өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтар;
5) тиешелүү өзгөртүүлөрдү ырастаган документти тиркөө менен сертификациялоо боюнча эксперттин иштеген жери өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтар, анын ичинде улуттук аккредитациялоо системасында аккредитацияланган сертификациялоо боюнча орган менен сертификациялоо боюнча эксперттин эмгектик мамилеси токтотулган учурда.
38. Бирдиктүү реестрде сертификациялоо боюнча эксперт жөнүндө жазууларга төмөнкү статустар ыйгарылат:
1) "жарактуу" - компетенттүүлүгүн ырастаган сертификациялоо боюнча экспертке карата бирдиктүү реестрге сертификациялоо боюнча эксперт жөнүндө жазуу, бирдиктүү реестрге сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын жаңылоо жөнүндө маалыматтар киргизилген учурдан тартып сертификациялоо боюнча эксперттин сертификатын токтото туруу же токтотуу жөнүндө маалымат берилген учурга чейин колдонулат;
2) "токтоп турат" - бирдиктүү реестрге сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим жөнүндө маалымат киргизилген учурдан тартып жана сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын кайра тариздөө же сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатын колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтар киргизилгенге чейин колдонулат;
3) "токтотулду" - бирдиктүү реестрге сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонулушун токтотуу жөнүндө маалымат киргизилген учурдан тартып сертификациялоо боюнча эксперттин компетенциясын ырастоо жөнүндө маалымат же сертификациялоо боюнча эксперт жөнүндө жазуу бирдиктүү реестрдин архивдик бөлүгүнө өткөрүлүп берилгенге чейин колдонулат.
39. Ушул Талаптардын 36-пунктунда көрсөтүлгөн сертификациялоо боюнча эксперттер жөнүндө маалыматтарды КАБ өзүнүн расмий сайтында жарыялоо, ошондой эле кызыкдар жактардын суроо-талабы боюнча электрондук көчүрмө аркылуу берет.