Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-августу № 469
Шайкештикти баалоо боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2021-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети токтом кылат:
1. Техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо жана/же милдеттүү талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктта "аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан чечим кабыл алынганга чейин" деген сөздөр "аккредитациялоо боюнча улуттук органдын кайрылуусу боюнча жана ал чечим кабыл алганга чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 107 "Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптарды, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта "же аккредитациялоо жаатына ылайык персоналды сертификациялоо боюнча аккредитацияланган орган" деген сөздөр алып салынсын;
2) 7-пунктта "жана персоналды сертификациялоо боюнча аккредитацияланган орган" деген сөздөр алып салынсын;
3) жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптар, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибинде:
- 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) орган - сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн ырастаган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору;";
- 3-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) иштин тиешелүү чөйрөсүндө жогорку кесиптик билими жана/же билдирилген сертификациялоо тармагы боюнча инженердик-техникалык билими же адистиги жана/же даярдоо багыты боюнча кошумча кесиптик билими же шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө сертификациялоо боюнча экспертти тиешелүү сертификациялоо тармагындагы илимий адистик боюнча окумуштуулук даражасы болууга;";
2-пунктчада "бир жылдан ашык" деген сөздөр "билдирилген сертификациялоо тармагында сертификациялоо боюнча адистин - эки жылдан кем эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- процесске жана продукцияны өндүрүүнү уюштурууга карата талаптар; продукцияны сыноонун түрлөрү; сыноолордун жана өлчөөлөрдүн методдору (методикалары); чийки заттарды, материалдарды, комплектөөчү буюмдарды киргизүү контролун, өндүрүш процессинде продукцияны жана даяр продукцияны контролдоону уюштуруу; продукцияны өндүрүүнү метрологиялык камсыз кылуунун негиздери; продукциянын сапатын жана ишенимдүүлүгүн баалоонун статистикалык методдору; продукцияны маркалоого талаптар.";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- шайкештикти ырастоо жол-жоболорун аткаруу жана Кыргыз Республикасынын шайкештикти ырастоо тартибинде белгиленген баалоо (аудит) методдору;
- ишти натыйжалуу пландоо жана уюштуруу;
- белгиленген убакыттын ичинде жана макулдашылган баалоо (аудит) планынын алкагында иштин багытына жараша убакыт ченемдерин сактоо менен баалоо (аудит) жүргүзүү;
- байкоолорду жана баалоонун (аудиттин) корутундуларын негиздөө үчүн баалоо (аудит) критерийлеринин жетиштүүлүгүн жана алгылыктуулугун ырастоо;
- баалоо (аудит) күбөлүгүн документтештирүү, тиешелүү отчетторду даярдоо жана баалоо (аудит) боюнча натыйжаларды тариздөө.";
- 7-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү жогорку кесиптик билимге жана/же билдирилген сертификациялоо тармагына ылайык келген инженердик-техникалык билимге;";
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору" мекемесинде билдирилген сертификациялоо тармагында продукциянын шайкештигин ырастоо боюнча сексен академиялык сааттан кем эмес узактыктагы курстарда окууга (оффлайн режиминде);";
алтынчы, жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында сертификациялоонун жаңы тармактары боюнча даярдоо, кайра даярдоо боюнча курстардан өтүү үчүн шарттар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынан тышкары кырк академиялык сааттан кем эмес көлөмдөгү курстардан өтүүгө (оффлайн режиминде) жол берилет. Мында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтындагы же байланыш маалыматтары менен билим берүү мекемесинин сайтындагы реестрге шилтеме берүү аркылуу, ырастоочу документтерди тиркөө менен (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен лицензиянын көчүрмөсү) курстан өткөндүгү жөнүндө берилген документти ырастаган билим берүү мекемесинин катын берүү зарыл.
Эгерде арыз ээсинин билими билдирилген сертификациялоо тармагына ылайык келбесе, адистик жана/же тиешелүү багыт боюнча кошумча жогорку кесиптик билими (оффлайн режиминде) жана билдирилген сертификациялоо жаатында сертификациялоо боюнча адистин үч жылдан кем эмес иш стажы болушу зарыл.";
- 8-пункттун төртүнчү абзацында "шайкештик сертификатын берүү" деген сөздөр "шайкештикти ырастоо боюнча ишти жүргүзүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пункттун 4-пунктчасы "билдирилген сертификациялоо тармагы" деген сөздөрдөн кийин "(продукциянын бир түрдүү түрлөрү боюнча 3төн ашык эмес техникалык регламенттер)," деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пунктта:

"1) арыз ээсинин иштин тиешелүү чөйрөсүндө жогорку кесиптик билими жана/же билдирилген сертификациялоо тармагы боюнча инженердик-техникалык билими же адистиги жана/же даярдоо багыты боюнча кошумча кесиптик билими же шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө сертификациялоо боюнча экспертти тиешелүү сертификациялоо тармагындагы илимий адистик боюнча окумуштуулук даражасы болууга;";
2-пунктча "кошумча баалоону" деген сөздөр "баалоо жаатында кошумча кесиптик билимин (квалификациясын жогорулатуу)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 7, 8-пунктчалар менен толукталсын:
"7) "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификаты (А2 деңгээлинен төмөн эмес);
8) "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору" мекемеси тарабынан берилген шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө сертификациялоо боюнча экспертти тиешелүү сертификациялоо тармагында окугандыгы жөнүндө күбөлүк.";
- 14-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Арызга жана ага тиркелген документтерге кагаз жана электрондук түрдө арыз ээсинин электрондук санариптик колтамгасы коюлат. Арыз ээси укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте органга берилген сертификациялоого талапкерлер жөнүндө билип туруп анык эмес документтерди жана маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.";
- 36-пунктта:
6-пунктчада "китепчесинин көчүрмөсү" деген сөздөр "китепчесинен маалыматтар (жазуулар)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-пунктчада "документтин көчүрмөсү" деген сөздөр "документ жөнүндө маалымат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрине киргизилген адистер эки айлык мөөнөттө ушул токтомдо каралган сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго) коюлган талаптарга өзгөртүүлөр боюнча өзүнүн компетенттүүлүгүн ырастасын.
5. Персоналды сертификациялоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан берилген сертификациялоо боюнча эксперттердин компетенттүүлүк сертификаттары сертификациялоо боюнча эксперттер (эксперт-аудиторлор) тарабынан ушул токтомдун 4-пунктун аткарууда алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору:
1) сертификациялоо боюнча эксперттер (эксперт-аудиторлор) тарабынан ушул токтомдун 4-пункту аткарылбаган учурда сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестринен аларды чыгарсын;
2) расмий сайтта сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) актуалдаштырылган бирдиктүү реестрин жайгаштырсын.
7. Изилдөөлөрдү (сыноолорду, өлчөөлөрдү) жүргүзүүчү аккредитацияланган сыноо лабораториялары 2024-жылдын 20-августунан тартып берилген лабораториялык сыноо протоколдорунун Улуттук реестрин түзүү максатында Кыргыз Республикасынын жана Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына продукциянын шайкештигин баалоодо лабораториялык сыноолордун электрондук протоколдорун тариздөө үчүн "бирдиктүү терезе" маалыматтык системасын пайдаланууну камсыздасын.
8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 712 "Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-майындагы № 249 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 712 "Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 16-августундагы № 62 (3616) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
А.А. Касымалиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 14-августу № 469
Шайкештикти баалоо боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
2021-жылдын 22-ноябрында Москва шаарында кол коюлган Үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети токтом кылат:
1. Техникалык регламенттердин талаптарына иштерди жүргүзүүгө шайкештикти баалоо жана/же милдеттүү талаптарга техникалык жөнгө салуу объекттеринин шайкештигин баалоо натыйжаларын өз ара таануу боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267 "Шайкештикти баалоо чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктта "аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан чечим кабыл алынганга чейин" деген сөздөр "аккредитациялоо боюнча улуттук органдын кайрылуусу боюнча жана ал чечим кабыл алганга чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 107 "Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптарды, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта "же аккредитациялоо жаатына ылайык персоналды сертификациялоо боюнча аккредитацияланган орган" деген сөздөр алып салынсын;
2) 7-пунктта "жана персоналды сертификациялоо боюнча аккредитацияланган орган" деген сөздөр алып салынсын;
3) жогоруда белгиленген токтом менен бекитилген Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго), сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн ырастоочу органга талаптар, алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибинде:
- 2-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) орган - сертификациялоо боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн ырастаган Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору;";
- 3-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) иштин тиешелүү чөйрөсүндө жогорку кесиптик билими жана/же билдирилген сертификациялоо тармагы боюнча инженердик-техникалык билими же адистиги жана/же даярдоо багыты боюнча кошумча кесиптик билими же шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө сертификациялоо боюнча экспертти тиешелүү сертификациялоо тармагындагы илимий адистик боюнча окумуштуулук даражасы болууга;";
2-пунктчада "бир жылдан ашык" деген сөздөр "билдирилген сертификациялоо тармагында сертификациялоо боюнча адистин - эки жылдан кем эмес" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- процесске жана продукцияны өндүрүүнү уюштурууга карата талаптар; продукцияны сыноонун түрлөрү; сыноолордун жана өлчөөлөрдүн методдору (методикалары); чийки заттарды, материалдарды, комплектөөчү буюмдарды киргизүү контролун, өндүрүш процессинде продукцияны жана даяр продукцияны контролдоону уюштуруу; продукцияны өндүрүүнү метрологиялык камсыз кылуунун негиздери; продукциянын сапатын жана ишенимдүүлүгүн баалоонун статистикалык методдору; продукцияны маркалоого талаптар.";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- шайкештикти ырастоо жол-жоболорун аткаруу жана Кыргыз Республикасынын шайкештикти ырастоо тартибинде белгиленген баалоо (аудит) методдору;
- ишти натыйжалуу пландоо жана уюштуруу;
- белгиленген убакыттын ичинде жана макулдашылган баалоо (аудит) планынын алкагында иштин багытына жараша убакыт ченемдерин сактоо менен баалоо (аудит) жүргүзүү;
- байкоолорду жана баалоонун (аудиттин) корутундуларын негиздөө үчүн баалоо (аудит) критерийлеринин жетиштүүлүгүн жана алгылыктуулугун ырастоо;
- баалоо (аудит) күбөлүгүн документтештирүү, тиешелүү отчетторду даярдоо жана баалоо (аудит) боюнча натыйжаларды тариздөө.";
- 7-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү жогорку кесиптик билимге жана/же билдирилген сертификациялоо тармагына ылайык келген инженердик-техникалык билимге;";
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору" мекемесинде билдирилген сертификациялоо тармагында продукциянын шайкештигин ырастоо боюнча сексен академиялык сааттан кем эмес узактыктагы курстарда окууга (оффлайн режиминде);";
алтынчы, жетинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасында сертификациялоонун жаңы тармактары боюнча даярдоо, кайра даярдоо боюнча курстардан өтүү үчүн шарттар жок болгон учурда Кыргыз Республикасынан тышкары кырк академиялык сааттан кем эмес көлөмдөгү курстардан өтүүгө (оффлайн режиминде) жол берилет. Мында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтындагы же байланыш маалыматтары менен билим берүү мекемесинин сайтындагы реестрге шилтеме берүү аркылуу, ырастоочу документтерди тиркөө менен (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен лицензиянын көчүрмөсү) курстан өткөндүгү жөнүндө берилген документти ырастаган билим берүү мекемесинин катын берүү зарыл.
Эгерде арыз ээсинин билими билдирилген сертификациялоо тармагына ылайык келбесе, адистик жана/же тиешелүү багыт боюнча кошумча жогорку кесиптик билими (оффлайн режиминде) жана билдирилген сертификациялоо жаатында сертификациялоо боюнча адистин үч жылдан кем эмес иш стажы болушу зарыл.";
- 8-пункттун төртүнчү абзацында "шайкештик сертификатын берүү" деген сөздөр "шайкештикти ырастоо боюнча ишти жүргүзүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 12-пункттун 4-пунктчасы "билдирилген сертификациялоо тармагы" деген сөздөрдөн кийин "(продукциянын бир түрдүү түрлөрү боюнча 3төн ашык эмес техникалык регламенттер)," деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) арыз ээсинин иштин тиешелүү чөйрөсүндө жогорку кесиптик билими жана/же билдирилген сертификациялоо тармагы боюнча инженердик-техникалык билими же адистиги жана/же даярдоо багыты боюнча кошумча кесиптик билими же шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө сертификациялоо боюнча экспертти тиешелүү сертификациялоо тармагындагы илимий адистик боюнча окумуштуулук даражасы болууга;";
2-пунктча "кошумча баалоону" деген сөздөр "баалоо жаатында кошумча кесиптик билимин (квалификациясын жогорулатуу)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 7, 8-пунктчалар менен толукталсын:
"7) "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификаты (А2 деңгээлинен төмөн эмес);
8) "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору" мекемеси тарабынан берилген шайкештикти ырастоо боюнча иштерди жүргүзүүдө сертификациялоо боюнча экспертти тиешелүү сертификациялоо тармагында окугандыгы жөнүндө күбөлүк.";
- 14-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Арызга жана ага тиркелген документтерге кагаз жана электрондук түрдө арыз ээсинин электрондук санариптик колтамгасы коюлат. Арыз ээси укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте органга берилген сертификациялоого талапкерлер жөнүндө билип туруп анык эмес документтерди жана маалыматтарды бергендиги үчүн жоопкерчилик тартат.";
- 36-пунктта:
6-пунктчада "китепчесинин көчүрмөсү" деген сөздөр "китепчесинен маалыматтар (жазуулар)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-пунктчада "документтин көчүрмөсү" деген сөздөр "документ жөнүндө маалымат" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун сертификациялоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрине киргизилген адистер алты айлык мөөнөттө ушул токтомдо каралган Сертификациялоо боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго) талаптарга өзгөртүүлөр боюнча өзүнүн компетенттүүлүгүн ырастасын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Персоналды сертификациялоо боюнча аккредиттелген орган тарабынан берилген сертификациялоо боюнча эксперттердин компетенттүүлүк сертификаттары алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 352 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору:
1) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 352 токтомуна ылайык күчүн жоготту)