АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛ АЙМАГЫ
АЛЛЯ АНАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Алля Анаров айылдык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы
2023-жылдын 30-августу № 2
Алля Анаров айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата аймактагы жарандардын социалдык маселелерин канааттандыруу максатында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участоктор камсыздоо боюнча Программасын бекитүү жөнүндө
Алля Анаров айыл аймагынын тургундарын турак жай куруу үчүн жер участок менен камсыз кылып, 2018-жылдан бери чечилбей келе жаткан социалдык көйгөйдүү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-4-бөлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 Токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун” негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, А.Анаров айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Анаров айыл аймагынын жарандарын турак үй куруу үчүн жер участок менен камсыздоо программасы бекитилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Пиратовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Хамидов |