Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2024-жылдын 29-июну № 74
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Базар-Коргон, Кара-Көл, Сузак, Ак-Суу, Нарын шаардык, Ысык-Ата жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жана бош калган мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери келип түштү.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, депутаттар депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 26.06.2024-ж. № 03 - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 24.06.2024-ж. № 19 - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 27.06.2024-ж. № 11 - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы С.Атабеков айылдык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 24.06.2024-ж. № 12 - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 25.06.2024-ж. № 7 - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңеши боюнча;
- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. № 9 - Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 11-пунктунун жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде, депутаттар каза болгондугуна байланыштуу жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө:
- Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 21.06.2024-ж. № 2 - Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Эңилчек айылдык кеңеши боюнча.
Жеке арыздын негизинде депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө:
- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. № 9 - Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде, бош калган мандаттарды саясий партиянын тизмесинде шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын 26.06.2024-ж. № 03 - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон шаардык кеңеши боюнча;
- Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 24.06.2024-ж. № 20 - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык кеңеши боюнча;
- Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. № 13 - Нарын облусунун Нарын шаардык кеңеши боюнча;
- Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. № 10 - Талас облусунун Талас шаардык кеңеши боюнча.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде, бош калган мандаттарды тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө:
- Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 28.06.2024-ж. № 12 - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы С.Атабеков айылдык кеңеши боюнча;
- Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 25.06.2024-ж. № 7 - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Люксембург айылдык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитет".
Аймактык шайлоо комиссияларынын бекитүүгө келип түшкөн чечимдеринин "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына ылайыктуулугун карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базар-Коргон, Кара-Көл, Сузак, Ак-Суу, Нарын шаардык, Ысык-Ата жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңешинин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу боюнча чечими 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Базар-Коргон, Кара-Көл, Сузак, Нарын шаардык, Ысык-Ата жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды талапкерлерге жана саясий партиялардын талапкерлеринин катталган тизмесиндеги талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, анык эмес деп таанылсын.
5. Базар-Коргон, Кара-Көл, Сузак, Нарын шаардык, Ысык-Ата жана Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын 3-тиркемеге ылайык каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.
6. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.Шайлдабекова |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 29-июнундагы № 74 токтомунун 1-тиркемеси |
Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.А. | Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Жалал-Абад облусу | |||
Базар-Коргон району | |||
1 | Базар-Коргон шаардык | Кочоров Бакытбек (1) "Улуттар Биримдиги" депутаттык фракциясы | Базар-Коргон АШК, № 03, 26.06.2024-ж. (20.06.2024-ж. өз арызы) |
Кара-Көл шаары | |||
2 | Кара-Көл шаардык | Тельтаева Самара (3) "Ата-Журт Кыргызстан" депутаттык фракциясы | Кара-Көл АШК, № 19, 24.06.2024-ж. (22.06.2024-ж. өз арызы) |
Сузак району | |||
3 | С.Атабеков айылдык (№ 4 Жийде шайлоо округу) | Дыйканов Абдуманап | Сузак АШК, № 11, 28.06.2024-ж. (27.06.2024-ж. өз арызы) |
Ысык-Көл облусу | |||
Ак-Суу району | |||
4 | Эңилчек айылдык (№ 1 Эңилчек шайлоо округу) | Джусупов Саламат | Ак-Суу АШК, № 2, 21.06.2024-ж. (Ак-Суу райондук ЖААК бөлүмү тарабынан 2024-жылдын 15-апрелинде берилген каза болгондугу тууралуу № KGZ0264511 күбөлүгү) |
Нарын облусу | |||
Нарын шаары | |||
5 | Нарын шаардык | Жунушбаева Тинатин (6) "Бийлик Элге" депутаттык фракциясы | Нарын шаардык АШК, № 12, 24.06.2024-ж. (12.06.2024-ж. өз арызы) |
Чүй облусу | |||
Ысык-Ата району | |||
6 | Люксембург айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Адамалыев Нурлан | Ысык-Ата АШК, № 7, 25.06.2024-ж. (17.06.2024-ж. өз арызы) |
Талас облусу | |||
Талас шаары | |||
7 | Талас шаардык | Камчыбеков Калыс (8) "Республика" депутаттык фракциясы | Талас шаардык АШК, № 9, 28.06.2024-ж. (28.06.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 29-июнундагы № 74 токтомунун 2-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгарылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкердин Ф.А.А. | Тизмеден чыгаруу боюнча АШКнын чечиминин № жана датасы жана чечимге негиз |
Талас облусу | |||
Талас шаары | |||
1 | Талас шаардык | Сабыров Улан (10) "Республика" саясий партиясы | Талас шаардык АШК, № 9, 28.06.2024-ж. (28.06.2024-ж. өз арызы) |
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 29-июнундагы № 74 токтомунун 3-тиркемеси |
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин ТИЗМЕСИ
№ | Жергиликтүү кеңештердин аталыштары | Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.А. | Иштеген жери, ээлеген кызматы | Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими |
Жалал-Абад облусу | ||||
Базар-Коргон район | ||||
1 | Базар-Коргон шаардык | Кулбеков Айдар (4) "Улуттар Биримдиги" саясий партиясы | Жеке ишкер | Базар-Коргон АШК, № 03, 26.06.2024-ж. |
Кара-Көл шаары | ||||
2 | Кара-Көл шаардык | Оганова Эльмира (9) "Ата-Журт Кыргызстан" саясий партиясы | № 2 орто мектеби, мугалим | Кара-Көл АШК, № 20, 24.06.2024-ж. |
Сузак району | ||||
3 | С.Атабеков айылдык (№ 4 Жийде шайлоо округу) | Бекташев Абдихалил | Жалал-Абад регионалдык ААК "Кепилдик фонд", директор | Сузак АШК, № 12, 28.06.2024-ж. |
Нарын облусу | ||||
Нарын шаары | ||||
4 | Нарын шаардык | Мидинова Назира (9) "Бийлик Элге" саясий партиясы | Нарын облустук оорукана, директордун орун басары | Нарын шаардык АШК, № 13, 28.06.2024-ж. |
Чүй облусу | ||||
Ысык-Ата району | ||||
5 | Люксембург айылдык (№ 1 шайлоо округу) | Шайлдабеков Туратбек | Убактылуу иштебейт | Ысык-Ата АШК, № 7, 25.06.2024-ж. |
Талас облусу | ||||
Талас шаары | ||||
6 | Талас шаардык | Жеенбеков Бакай (11) "Республика" саясий партиясы | "Арис" Талас облустук регионалдык өкүлчүлүгү, эксперт | Талас шаардык АШК, № 10 28.06.2024-ж. |