Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III- сессиясы

 

2024-жылдын 5-апрели № 3.9

“Исфайрамсай” ЖЧКсына кичи ГЭС курууга макулдук берүү жөнүндө

Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 3-пунктуна ылайык “Исфайрамсай” ЖЧКсынын кайрылуусун талкуулап Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кадамжай районунун Майдан айыл Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-декабрындагы №1786 шифр №2808 административтик чек арасын белгилөө долбоору материалына ылайык Майдан айыл Өкмөтүнүн аймагындагы “Сурма-таш” мамлекеттик жаратылыш коругунун буфердик аймагына кирген 1,83 га жер аянтына кичи ГЭС курууга “Исфайрамсай” ЖЧКсына макулдук берилсин;

 

  1. Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайытына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Майдан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

Төрага

А.Насиров