МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III- сессиясы
2024-жылдын 5-апрели № 3.11
Майдан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Ахмедовтун №01-15/55 сунуштама каты жөнүндө
Майдан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Ахмедовтун сунуштамасын канаттандыруу максатында Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майдан айыл аймагындагы МФнун айдоо кайрак 52,0 га жер аянтын эгин эгүү амалы келип калгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык мыйзам чегинде 1-жылга келишим түзүү менен ижарага берилсин;
- Майдан айыл аймагындагы МФнун айдоо сугат 25,0 га, тыт плантациясы 17,0 га жер аянты аукционго коюулсун;
- Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөттүн жер адиси Б.Хожихановко милдеттендирилсин ;
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Насиров |