Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 6-сентябры ПЖ № 256
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 10-октябрындагы ПЖ №293 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин 3-бөлүгүн, "Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, кайра уюштурууга алып келген тиешелүү аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештери 1-тиркемеге ылайык таркатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2-тиркемеге ылайык 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо административдик-аймактык реформанын алкагында өзгөртүүлөрдү мыйзамдык жөнгө салууну эске алуу менен өткөрүлсүн.
4. Шайлоо аракеттеринин башталган күнү болуп 2024-жылдын 17-сентябры аныкталсын.
41. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин иши башталганга чейин административдик-аймактык реформанын алкагында чек аралары өзгөргөн шаарлардын мэрлерине жергиликтүү жыйымдарды киргизүү, жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттерге өзгөртүүлөрдү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды керектөөнүн тарифтерин жана ченемдерин, жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга карата тарифтерди, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жактырылуучу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн муниципалдык менчикти пайдаланууга берүү тартибин бекитүү, укук бузуулар жөнүндө иштерди кароочу комиссиялар жөнүндө жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилет деп; өзгөртүүлөрду киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилет деп;
- шаарлардын мэрлеринин аталган чечимдери андан ары жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин сессияларында бекитилүүгө тийиш деп;
- ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш деп.
(КР Президентинин 2024-жылдын 10-октябрындагы ПЖ №293 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү колдонсун.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум керүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык шайлоону өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын бөлсүн;
- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн;
- Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринин негизинде шайлоочулардын так тизмелерин түзүү үчүн анын маалыматтарын тактоо боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимдерине ылайык шайлоочуларды идентификациялоо программаларын өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
- шайлоочуларды эсепке алуу системасын өркүндөтүү боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо процессинде колдонулуучу маалыматтык электрондук системалардын, электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу маалыматтарды алмашуунун киберкоопсуздугун, ошондой эле мыйзамдарда аныкталган маалыматтарды берүү процесстерин жүргүзүү үчүн үзгүлтүксүз жана коопсуз байланыш каналдарын камсыз кылууда көмөк көрсөтсүн;
- добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдууларды коопсуз сактоону камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдардан келип чыгуучу башка иш-чараларды белгиленген тартипте ишке ашырууну камсыз кылсын.
– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары убактылуу жок болгон мезгилде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарын ченем жаратуучу органдар деп аныктоочу ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыксын;
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

7. Калкты каттоо, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүүдө зарыл болгон чараларды көрсүн жана шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн.
8. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шайлоого даярдык көрүүдөгү жана өткөрүүдөгү уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жана шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда көрсөтүлгөн кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
91. Административдик-аймактык реформанын алкагында чек аралары өзгөргөн шаарлардын мэрлери ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

10. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын.
11. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
12. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы № 69 (3623) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 6-сентябры ПЖ № 256
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 10-октябрындагы ПЖ №293, 2024-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 322 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин 3-бөлүгүн, "Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, кайра уюштурууга алып келген тиешелүү аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештери 1-тиркемеге ылайык таркатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2-тиркемеге ылайык 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо административдик-аймактык реформанын алкагында өзгөртүүлөрдү мыйзамдык жөнгө салууну эске алуу менен өткөрүлсүн.
4. Шайлоо аракеттеринин башталган күнү болуп 2024-жылдын 17-сентябры аныкталсын.
41. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин иши башталганга чейин:
- административдик-аймактык реформанын алкагында чек аралары өзгөртүлгөн айыл аймактарынын, шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттерге өзгөртүүлөрдү бекитүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот деп;
- административдик-аймактык реформанын алкагында чек аралары өзгөртүлгөн шаарлардын мэрлери төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот деп:
жергиликтүү жыйымдарды киргизүү; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана товарлардын керектөө тарифтерин жана ченемдерин жана жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү инвестициялык макулдашууларды ишке ашыруу үчүн муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга өткөрүп берүү, кредиттерди алууга макулдук берүү жана муниципалдык менчик объекттерин күрөөгө берүү тартибин бекитүү; жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен тургузулган электр менен жабдуу объекттерин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүгө жана мамлекеттин менчигиндеги жылуулук менен жабдуу объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү; укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү;
жергиликтүү кеңештердин аппараттарынын кызматкерлерин кызмат орундарына дайындоо, кызмат орундарынан бошотуу жана өргүүлөрдү (эмгек өргүүсү, бала багуу боюнча өргүү, эмгек акы сакталбаган өргүү) берүү;
жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун алардын расмий сайттарында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, көрүнүктүү атайын жерлерде (такталар, стенддер) коомдук талкуулоо жол-жобосун өткөрүү үчүн жайгаштыруу жөнүндө жергиликтүү кеңештердин аппараттарына тапшырма берүү;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын ушул пункттун 1-пунктчасынын экинчи, төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн чечимдери андан ары жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин сессиясында бекитилүүгө тийиш деп;
3) пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында 2024-жылга жергиликтүү бюджеттерди бекиткен шаарлардын мэрлерине алар тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилет деп;
4) ушул пункттун 1-пунктчасынын экинчи, төртүнчү абзацтарында, 3-пунктчасында көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш деп.
(КР Президентинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 322 Жарлыгынын редакциясына ылайык)