Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 5-июлу № 5.2
2024-2025-2026-жылдарга Майдан айыл аймагына Социалдык экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2017-жылдык 21-июльда кабыл алган №123-8/261 буйругу менен “Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы” жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруудагы “Майдан айыл аймагынын 2024-2025-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын” бекитүү максатындаМайдан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагынын 2024-2025-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин;
2. 2024-2025-2026-жылдарга Майдан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында кабыл алынган иш чараларын планы жактырылсын;
3. Майдан айыл аймагынын 2024-2025-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасында кабыл алынган иш чараларды айылдык Кеңештин алдында тармактар боюнча туруктуу комиссиялар аркылуу көзөмөлдөө жана аткарылган иштер айылдык кеңештин сессияларында кароо жагы милдеттендирилсин;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.
Төрага | А.Насиров |